Дүйнө (философия)

Википедия дан

Дүйнө философияда — кең маанисинде, бардык нерсени (табият, коом, адам) бүтүн, туташ камтыган түшүнүк. «Болмуш», («бытие») түшүнүктөрү менен мазмундаш. Дүйнөнүн жаралышы, өзгөрүп-өнүгүшү, түзүлүшү жөнүндө кыргыздар илгертен көп кырлуу көз караш күтүп, аны мифологиясында, элдик оозеки чыгармаларында, аңыз-уламыштарында туюнтуп келишкен. Илимдин таралышы менен дүйнө жөнүндөгү ой-түшүнүк башка негизде, башка деңгээлде түзүлгөн. Дүйнө тар маанисинде табияты, теги бир кубулуштардын курамы, мисалы, балдар дүйнөсү, искусство дүйнөсү, спорт дүйнөсү жана башкалар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5