Табият

Википедия дан
Сары Челек,Жалал-Абад областы

Табият, тады, тадың (Диван Лугат Ат-Түрк)

  1. Кең маанисинде бүткүл дүйнөнү, андагы түзүлүштөрдүн көп түрдүүлүгүн чагылдырган философиялык түшүнүк; материя, универсум, аалам түшүнүктөрү менен бир катарда пайдаланылат. Табият аң сезимден сырткары жана ага көз каранды болбой жашаган объективдүү реалдуулук. Анын баш-аягы жок, убакыт жана мейкиндик боюнча чексиз, тынымсыз кыймылдап жана өзгөрүп турат. Ошол себептен философияда табият түшүнүгү нерсенин алгачкы маңызын (өзөгүн) да, адам тарабынан жаратылбаган нерселердин жыйындысын да белгилөө үчүн колдонулат.
  2. Табият таануу илимдеринин объектиси.
  3. Тар мааниде тирүү организмдердин жана адам коомунун жашоосу үчүн зарыл болуп эсептелген табигый шарттардын жыйындысы; мындай маанидеги табият биосфера деп аталатат. Табият Өзүнүн келип чыгуусу жана жашоо-тиричилиги боюнча адам табияттын бир бөлүгү болуп саналат. Адам коомунун пайда болушу Табияттын келбетин маңыздуу түрдө өзгөрткөн.

Табияттын объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн таанып билүү, ага атайы түзүлгөн эмгек куралдары жана каражаттарынын жардамы аркасында таасир берүү аркылуу адамдар адам коому үчүн зарыл болуп эсептелген материалдык жыргалчылыктарды алуу максатында табияттын заттары менен энергиясын пайдаланышат.Ошентип, жашоо-тиричиликтин табигый чөйрөсү «экинчи Табият» деп аталган жасалма нерселер менен толукталат.

«Экинчи Табият» деп табиятта даяр түрүндө кездешпеген жана коомдук өндүрүштүн процессинде түзүлгөн нерселердин жыйындысы аталат. Бирок, Табиятты активдүү түрдө өзгөртүп түзүү менен адамдар Табияттын ажырагыс бир бөлүгү бойдон кала беришет. Адамдар Табиятты Табияттын мыйзамдарына ылайык, табигый күчтөр менен процесстерди пайдалануу аркылуу гана өздөрү каалаган багытта өзгөртө алышат. Коом менен табияттын өз ара алакасынын деңгээлинин негизги көрсөткүчү болуп өндүргүч күчтөрдүн мүнөзү эсептелет. Азыркы шарттарда Табиятты коргоо, коомдун өндүрүш ишмердүүлүгү менен биздин планетадагы глобалдуу жаратылыш процесстеринин рационалдуу айкалышынын проблемасы өзгөчө курч мүнөз күтүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004