Төңкөрүш

Википедия дан
Революция‎»‎ барагынан багытталды)

Төңкөрүш ― (латын- revolutio – бурулуш, кубулуу, кайрылуу) – жаратылыш, коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын өсүшүндөгү терең, түп-тамырынан, радикалдуу жаңылануу, сапат жагынан өзгөрүү; жаратылыштын өнүгүүсүндөгү секирик. Өз нугу менен жай өнүккөн эволюция жана коомдук баскычтын толук эмес системасын камтыган реформадан айырмаланып, революцияда тез, түп-тамырынан бери өзгөрүү жүрөт. Илимий термин катары алгач 1543-жылы Н. Коперниктин «Асман сфераларынын айланышы жөнүндө» («De revolutionibus orbium coelestium») деген эмгегинде, саясий мааниде 1660-жылы Англиядагы монархияны кайра калыбына келтирүү үчүн антимонархиялык кыймылды басууда колдонулган. Саясат таанууда социалдык жана саясий болуп бөлүнүп, социалдык Революцияда бир социалдык-экономикалык түзүлүш экинчисине; саясий Революцияда саясий режим алмашылат. Марксизмдин теориясы боюнча феодализмден капитализмге өтүүдө (мисалы, 16-кылымдагы Нидерланды, 17-кылымдагы Англия, 18-кылымдын аягындагы Улуу француз, 1848–49-ж. Европадагы ж. б.) Революциялар буржуазиялык; капитализмден социализмге өткөн (1917-жылдагы Улуу Октябрь револяциясы, Кытайдагы 1911-жылы Синьхай ж. б.) Революциялар социалисттик болуп эсептелет. Азыркы учурда чөйрөсүнө жараша геологиялык Революция (жаратылышта), экономикалык мааниде – неолит Революциясы, өнөр-жай Революциясы, маданий Революция, демографиялык Революция; саясатта – социалдык Революция, саясий Революция (коомдук); физика, биология, медицина, космология, ж. б. техника жаатында «илимий Революция»; ошондой эле «илимий-техникалык Революция» (илимде) сыяктуу түшүнүктөр да Революция деген термин менен белгиленет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.