Космология

Википедия дан

Космология (cosmology) – бүтүндөй Ааламдын түзүлүшү жана эволюциясы жөнүндөгү окуу.

Космологиянын маанилүү маселелери мейкиндик менен убакыттын геометриялык структурасы, Ааламдын эволюциясы, анын ар кандай объектилеринин (айрыкча галактикалардын) жана алардын топторунун пайда болушу жана өсүшү.
Космология эмпирикалык маалыматтарды галактикадан тышкаркы астрономиядан алса, анын теориялык негизи физиканын жалпы закондоруна таянат.

Космологияда моделдештирүү ыкмасы жана эсептөөлөрдү жүргүзүүдө ЭЭМ кеңири колдонулат. Космологиянын корутундулары илимий жана философиялык чоң мааниге ээ. Азыркы космологияда «ысык» Аалам модели кеңири тараган. Бул модель бонча Аалам кеңейе баштаган баштапкы мезгилде зат жана нурлануу өтө жогорку температурага жана тыгыздыкка жетет. Кеңейүү акырындык менен гравитациялык конденсациянын натыйжасында галактикалардын башталышын, галактикаларды, жылдыздарды жана башка космос телолорун пайда кылат.
Ааламдын чечиле элек маанилүү проблемалары: сингулярдуулук деп аталган Ааламдын алгачкы өтө жогорку тыгыздыктагы абалы жана анын жашоосунун акыркы фазасы (сингулярдуулук абалга кайра келүүсү).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов