Мазмунга өтүү

Галактика

Википедия дан
Спиралдуу галактика

Галактикажылдыздар жымындаган булутсуз карангы түндө бүткүл асманды курчап тургансыган тилкени көрүүгө болот. Аны кыргыздар илгертен эле "Саманчынын жолу" деп атаган. Азыр аны телескоп менен караганда "Саманчынын жолу" күңүрт жарык чыгарган көп сандаган жылдызчалардан туруп, куралсыз көзгө алар туташ жарыктай көрүнөт.

"Саманчынын жолу" галактикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Негизги макала: Саманчынын жолу

"Саманчынын жолу" жылдыздардын зор системасы - Галактикага кирген жылдыздардын негизги тобу. Жерден көрүнүүчү башка жылдыздар, Күн жана биз жашаган Жер планетасы да Саманчынын жолу галактикасына таандык.

Саманчынын жолу башка элдерде «Сүттүү жол», «Асман дарыясы» деп да аталат.

Бул сөз байыркы гректердин “galaxias” – сүт­түү айлампа деген сөзүнөн келип чыккан.
Саманчынын жолу спираль түрүндөгү галактикалардын бири. Жашы болжолдорго караганда, 12800-13600 миллион жылдардын тегерегинде. Галактика жылдыздардан жана жылдыздар аралык заттар: чаң жана газдардан турат. Чаң жана газдар жылдыздардын арасындагы боштукту толуктайт. Галактиканын бир башынан экинчи башына жарык жылынын эсеби менен 100 000 жылда жетүүгө болот (жарыктын ылдамдыгы 299 792 458 м/с түзөт).

Башкача айтканда, галактиканын бир башынан чыккан жарык экинчи башына 100 000 жылда жетет.

Галактика орточо эсеп менен 200 миллиард жылдызды өз кучагына камтыйт. Тактап айтканда, галактика ири жылдыздар системасы болуп саналат. Күн болсо жылдыздардын бири. Көпчүлүк жылдыздардын чоңдугу Күндүн чоңдугундай. Тагыраак айтканда, диаметри 1 390 000 чакырым. Кээ бир жылдыздар Күндөн 100 эсе чоң болсо, кээ бирлери 300 эсе чоңдук кылат. Жылдыздар жаралат жана өлүшөт. Жылдыз канчалык чоң болсо, ошончолук өмүрү кыска. Себеби күчтүү жарылууга туш болушат.
Күн орточо өлчөмдөгү жылдыз. Аны 8 планета айланып жүрөт.
Жылдыздар бири-биринен ар кандай алыстыкта жайгашкан жана бетиндеги температурага жараша өңдөрү ар башка. Ак-көгүш өңдөгү жылдыздар эң ысык жылдыздар болуп эсептелет. Ал эми кызыл жылдыздар муздак жылдыздардын катарына кирет.

Жылдыздар ара­сында ар түрдүү­чө топтошуп жайгашкандары кездешет. Мисалы, жылдыздар сейрек жайгашкан топтомдо 50дөн 2000 жылдызга чейин болот. Булар адатта жаш жана чоң жылдыздар. Ал эми шар сымал топтошкондордун курамында бир нече миллион жылдыз болот. Алардын көбүн картаң жылдыздар түзөт.

Күн системасы Галактиканын четирээк жагында жайгашкан. Галактиканын борборунда болсо галактика ядросун түүзүчү бири-бирине тыгыз жайгашкан дээрлик шар түрүндөгү топ жылдыздар бар. Бардык жылдыздар Галактиканын ядросунун тегерегинде айланат; Күн да өз планеталары менен бирге галактика ядросун 220 млн жылда толук айланып чыгат. Бул эн зор убакыт аралыгы галактикалык жыл деп аталат. Күн өзү пайда болгондон бери галактиканы орточо эсеп менен 30 жолу айланып чыкты деген маалымат бар.

галактикалар

Башка галактикалардын борборлору жаркырап турса, биздин Саманчынын жолунун борбору тескерисинче жаркырабайт. Изилдөөлөргө караганда, борбордук бөлүктө кара көңдөй жайгашкан. Ал абдан бекем тыгыздыкка жана мыкты тартылуу күчүнө ээ. Андыктан андан жарык да суурулуп чыга албайт. Башкача айтканда, Жердин тыгыздыгын кара көңдөйдүн тыгыздыгына окшоштуруу үчүн Жерди ширеңкенин көлөмүнө чейин кысуу керектелет. Изилдөөлөргө караганда, борбордогу чоң кара көңдөйдүн тегерегинде майда кара көңдөйлөр жана жаштары 2 миллиард жылды түзгөн картаң жылдыздар айланып жүрүшөт. Асман материялары кара көңдөйгө сорулганда майда бөлүктөргө бөлүнүп, күчтүү нурданууну чыгарышат.
Кара көңдөй боюнча божомолдор абдан көп. Анткени ал изилденип бүтө элек.

Галактиканын курамында жылдыздардан башка майда космостук чаң менен газдан турган эбегейсиз зор суюк булуттар да бар. Алар чаң жана газ тумандуулугу деп аталат. Галактиканын көп эле жылдыздарын планеталар айланып жүрүшү ыктымал, бирок азыркы телескоптор менен да аларды көрүүгө мүмкүн эмес.

Болжолдуу түрдө галактиканын көйнөктүн жеңине окшогон спиралдуу 4 бөлүгү бар. Ал бөлүктөр сандаган жаңы жылдыздардан, чаңдар менен газдардан турат. Чаңдар жана газдар болсо жаңы жылдыздардын пайда болушун шарттайт. Демек,галактиканын жеңге окшош бөлүктөрү жаш жылдыздардын мекени десек жарашчудай.

Башка галактикалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламдагы 25 галактика Жерги­лик­түү системага кирет. Алардын бири биздин Саманчынын жолу. 25 галактика өз ара тартылуу күчү менен тартылышып турат. Жергиликтүү системага кирбеген галактикалардын саны изилдөөлөр жүргүзүлгөн сайын өсүүдө. Болжолго караганда, алардын саны учурда 200 миллиондон ашат.
Ааламдагы биздин галактикадан башка галактикалар Жерден караганда кичинекей тумандуу так болуп гана көрүнөт. Галактикалардын жарык шооласы бизге миллиондогон жылдарда, ал эми эн алыскы галактикалардан – миллиардаган жылдарда араң жетет.

Галактиканын кээ бир планеталарында космоско радиосигнал жибере ала турган акыл-эстүү жандар болушу мүмкүн. Азыр окумуштуулар кубаттуу радиотелескоптор менен башка планетада жашоочулардын сигналын кармоого аракет кылып жатышат. Бирок азырынча мындан эч натыйжа чыга элек.

Эллипстик галактика ESO 325-G004.

Сырткы көрүнүшү бонча галактиктер жалпысынан эллипстик, спираль жана туура эмес формада болуп үчкө бөлүнөт.

Эллипстик галактиктер түрдүү формадагы кысылыштарга ээ болуп эллипсоид формасын алат. Ал галактиктер зор жана кидиктер түрүндө Ааламдан кездешип, бардык галактиктердин 1/4 үлүшүн түзөт. Бул галактиктер жалпы түзүлүшү бонча эң жөнөкөй. Жылдыздардын жайланышы анын борборунан алыстаган сайын саны бонча азая берет.

Спиралдык галактиктер жалпы галактиктердин өтө көп санын түзөт. Буга биздин Галактика жана Андромеда (М 31) гигант тумандуулугу кирет. Андромеда куралсыз көз менен көрүнгөн аз сандагы галактиктердин ичинен эң жакшы байкалган галактиктердин бири. Спиралдык галактиктер күн массасынын 109–1012 сындагы массасын түзөт.

Туура эмес галактиктердин борборунда ядросу жок болуп, анын түзүлүшүндөгү иреттүү законченемдүүлүктү аныктоо өтө кыйын. Жер шарынын түш.жарым шарында жашаган адамдар куралданбаган көз менен туура эмес галактиктердин катарына кирген Чоң жана Кичи Магеллан булутчаларын көрө алышат. Алар биздин Галактиканын жандоочулары болуп саналышат. Магеллан булутчаларынын массасы жана өлчөмү биздин Галактикага салыштырганда алда канча кичине.

Ааламда эллипстик, спираль жана туура эмес формадагы галактиктерден башка да галактиктер болушу мүмкүн. Алсак, алардын бири өз ара аракеттешүүчү галактиктер. Алар көпчүлүк учурда бири бирине жакын жайгашып, жарык чыгаруучу материя «көпүрө» аркылуу байланышып, бири экинчисине кирип да турат.

Галактиканын жок болушу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Астрономдордун болжолуна таянсак, Саманчынын жолу 5 миллиард жылдан кийин өлүмгө учурайт. Анткени биздин галактика убакыт өткөн сайын Андромеда тумандуулугу деп аталган галактикага жакындап баратат. Акырында Саманчынын жолун Андромеда галактика жутуп алат.

  • «Бул ким? Ал эмне?» энциклопедияcы.
  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек. Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: Э. Мамбетакунов.