Шар

Википедия дан

Шар - тегеректи өзүнүн диаметринин айланасында айландыруудан алынган геометриялык нерсе. Шар сфера менен чектелип, сферанын борбору анын борбору, радиусу Шардын радиусу деп аталат.

Шардын тегиздик менен кесилиши тегерек, диаметри анын огу болот. Шардын көлөмү V=4/3pR3, Шардын бетинин аянты S=4pR2. Шардын көлөмүнө барабар болгон бардык нерселердин ичинен Шар эн кичине бетке, ал эми беттеринин аянттары барабар болгон нерселердин ичинде Шар эң чоң көлөмгө ээ. Шардын чексиз көп симметрия октору жана тегиздиктери болот. Шардык (сфераны) бетти кесип өтүүчү эки жарыш тегиздиктин ортосундагы Шарды бөлүгү Шар алкагы деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4