Саманчынын жолу

Википедия дан

Саманчынын жолу – асмандын түндүк жарым шарында Эгиз, Букачар, Возничий, Кассиопея, Цефей, андан соң Бүркүт топ жылдызынан эки тармакка ажырап, анын бир тармагы түштүк жарым шарына өтүп, Калкан, Жаачы, Чаян, Центавр, Түштүк крест, Киль, Парус, Тайган, Единорог, андан кайра асмандын түндүк жарым шарына өтүп, Орион жана Эгиз топ жылдыздарына тушма-туш келген “сүттөй” ак түстөгү жазы тилке.

Саманчынын жолу биздин күн системабыз жайгашкан Галактика болот. Күн Галактиканын борборунан 25000 жарык жылына барабар болгон алыстыкта жайгашкан. Саманчынын жолунун дискасынын диаметри 100 000 жарык жылына, калыңдыгы 3000 жарык жылына барабар болуп, чамалаганда 100 миллиарддан ашуун жылдыздарды ичине камтыйт.

Галилей биринчи жолу 1609-ж. өзү жасаган анча кубаттуу эмес телескобу менен Саманчынын жолуна байкоо жүргүзүп, ал сансыз көп жылдыздардан турарын айткан. Астрофизиктердин изилдөөсү боюнча Саманчынын жолу көзгө көрүнбөгөн Ааламдын заттарына чөмүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]