Газдар

Wikipedia дан
(Газ барагынан багытталды)
Газ.

Газдар – зат бөлүкчөлөрү өз ара аракеттенүү күчтөру менен байланышпаган же өтө начар байланышкан жана эркин кыймылдап, берилген көлөмдү толук ээлеген агрегаттык абалы. Табиятта газ абалындагы заттар кеңири таралган Г. жер шарын курчап турган атм-ны түзөт, океандар, деңиздер ж. б. сууларда ка-ныккан эритме катарында учурайт. Атм. негизинен O2, N2, Не, СO2 турат. Калган Г. аз санда кездешет. Жаратылыш газы биохим. жанар тоолук (вулкандык), метаморфтук, аба жана хим. радиоактивдүү, термоядролук болуп бөлүнөт. Биохим. Г. микроорганизмден орг. бактериянын ажыроосунан сульфаттар жана мине-ралдык туздун калыбына келишинен пайда болот (С2Н4, Н2, Н2S, СО2, N2).

Жанар тоо Г. жердин терең катмарынан бөлүнөт: Н2, O2, N2. СО, СО2, Н2S, SО2, СН4, Сl2, НСl. Метаморфтук Г. — казып алынуучу көмүртек жана тоо кендеринде пайда болот (басым, жылуулуктун таасири м-н): СН4, СО2, Н2, Н2S, СО терең катмарына чейин таралган. Аба газы — жер атм-сында жана терең катмарына таралган: О2, N2 жана инерттүү газдар (а-гон, криптон жана ксенон). Хим. Г. (угле-водород, азот, көмүртек оксиди) хим. реакциянын негизинде пайда болот (t°, Р — таасири асгында жердин ар кан-дай тереңдигинде): Н2, СО2, СО, Н2S, N2, СН4 ж. б. Радиоактивдүү жана термояд-ролук реакциянын негизинде пайда бол-гон Г. — Не, Аr, Хе ж. б. Нефть менен кошо чыккан Г. —СН4, С2Н6, С3,H8, С4Н10, H2, N2, СО2, Не, Аr, оор углеводороддор. Күйүүчү жаратылыш Г. негизикен чектүү углеводороддон турат. Алардын курамында ароматтык углеводороддор, Н2S СО2, Не, Аг аз санда кездешет. Г. көлөмү басым жана темп-рага көз ка-ранды. Басым м-и темп-ранын маанисин белгилүү бир чоңдукка өзгөртүү менен ар кандай заттар газ абалына келтирүүгө болот. Тескерисинче, газды белгилүү t°, Р, башка агрегаттык абалга—суюктукка же катуу затка айландырууга мүмкүн. Эгерде газ бирикмелерин өз ара аракеттенүү күчү дээрлик жок болсо, анда ал идеалдуу Г. деп аталат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]