Казы Дикамбаев

Википедия дан

Дикамбаев Казы (1. 12. 1913-ж. туулган, Ысык-Көл облусу , Түп району , Талды-Суу айылы –16. 02. 2010, Бишкек) – мамлекеттик жана партиялык ишмер, КРдин эмгек сиңирген экономисти (1974). 1937-ж. Ташкент эл чарба институтун бүткөн. 1937–40-ж. Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комиссиясында экономист, Фрунзе облпландын башчысы, Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо башкармасынын орун басары, 1940–41-ж. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары, мамлекеттик текшерүү эл комиссары, 1944–48-ж. Кыргыз ССР тышкы иштер министри, 1948–49-ж. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары. 1949–51-ж. Кыргызстан КП БКга бюро мүчө жана өнөр жай, курулуш, транспорт боюнча секретары, 1951–58-ж. партиянын Фрунзе обкомунун 1-секретары, 1958–61-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1961–86-ж. Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (2–5-чакырылышынын), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (2–3-, 5-чакырылышынын) депутаты, 1951–55-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (3-чакырылышында) төрагасы. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу, I да ражадагы Ата Мекендик согуш, III (1997) жана I (2003) даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкек шаарынын ардактуу атуулу (2003).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1