Акылбек Жапаров

Википедия дан
Акылбек Жапаров
Жапаров Акылбек Үсөнбекович
Акылбек Жапаров
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын 2-чи Министрлер Кабинетинин төрагасы
желек
желек
 13-октябрь, 2021
(м. а. 12 — 13 октябрь 2021)
Президент: Садыр Жапаров
Андан мурунку: Улукбек Марипов
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын президенттик администрациянын жетекчиси
желек
желек
 13-октябрь, 2021
Президент: Садыр Жапаров
 
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Дини: Ислам
Туулган жери: Балыкчы шаары, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Атасы: Үсөнбек Жапаров
Балдары: кыздары Саадат, Ажар,
баласы Максат
Партиясы: Ар-Намыс
Билими: Фрунзе техникалык институ (1986) Бишкек финансы-экономикалык академиясы (2002)
Кесиби: инженер-куруучу

Акылбек Жапаров (14-сентябрь 1964; Балыкчы шаары, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР) — Кыргызстандык саясий жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы (2021). Экономика илимдеринин доктору (2009), II класстагы мамлекеттик кеңешчи, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (2000). Жогорку Кеңештин II, V, VI чакырылышынын депутаты.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ФПИни (1986), Бишкек финансы-экономика академиясын (2002) бүтүргөн. 1986–92-ж. ФПИде кенже илимий кызматкер, комсомол комитетинин секретары, 1992–93-ж. КР Президенти жана КР Өкмөт аппараттарында жаштар саясаты боюнча бөлүм башчы, 1993–95-ж. Кыргызстан социал-демократиялык партиясында жооптуу катчы, 1995–96-ж. КРдин 1-вице премьер-министринин жардамчысы, 1996–97-ж. КР Президентине караштуу баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, 1997–2000-ж. КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, Мамлекеттик салык башкармалыгынын начальниги, 2005–07-ж. Экономика жана финансы (кийин Финансы) министри, 2007–09-ж. Экономика өнүгүү жана соода министри, 2009-жылдын октябрынан 2010-жылдын апрелине чейин КРдин 1-вице премьер-министри болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–05). Рынок экономикасы шартында Кыргызстандын экономикалык өнү­гүү проблемалары жана экономиканы модерндештирүүгө арналган 50дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]