Масалиев Абсамат Масалиевич
Масалиев Абсамат Масалиевич | |||
| |||
---|---|---|---|
10-апрель 1990-жыл — 10-декабрь 1990-жыл | |||
Андан мурунку: | Усубалиев Турдакун Усубалиевич | ||
Андан кийинки: | Аманбаев Жумгалбек Бексултанович (Кыргызстан КП БКнын 1-секретары катары) Акаев Аскар Акаевич (Кыргызстандын президенти катары) | ||
Туулган жылы: | 10-апрель 1933 жыл | ||
Туулган жери: | с. Алыш айылы, Баткен облусу, СССР | ||
Каза болгон жылы: | 31-июль 2004-жыл | ||
Каза болгон жери: | Бишкек | ||
Партиясы: | ССКП | ||
Абсамат Масалиев (1933-2004) - Кыргызстандагы белгилүү мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры.
Кыскача өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган.
А. Масалиев 1949-жылы Үч-Коргон кыштагындагы 8-жылдык мектепти бүткөндөн кийин Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун артыкчылык диплому менен аяктайт.
1953-1956–жылдары Москвадагы Сталин атындагы тоо-кен институнун атайын орто билимдүү адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдачу үч жылдык бөлүмүндө окуйт.
Институтту бүткөндөн кийинки алгачкы беш жылда «Кызыл-кыя көмүр» башкармалыгынын «Комсомольская» кенинде участка начальнигинин жардамчысы-тоо местери, участканын начальниги, «Комсомольская» кенинин орун басар башкы инженери, «Кыргыз көмүр» трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп эмгектенет.
1961-жылы Кыргызстан компартиясынын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инспектору болуп которулат.
1962-1964-жылдары Алматыдагы Жогорку партиялык мектепте окуйт. Андан соң Кыргызстан КП БКсы менен Кыргыз ССР Министрлер советинин Партиялык-мамлекеттик контролдоо комитетинин өнөр жай, транспорт жана байланыш бөлүмүнүн инспектору, Ош облустук элдик контрол комитетинин төрага орун басары болуп иштейт.
1966-жылы партиянын Ош областык комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн башчысы, ал эми 1969-1971-жылдары партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, андан соң эки жылдай Кыргызстан КП Бксынын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары.
1972-1974-жылдары Фрунзе шаардык аткомунун төрагасы.
1974-1979-жылдар-Кыргызстан КП БКнын катчысы.
1975-жылдын январь 1985-жылдын июнь айлары партиянын Ысык-Көл областык комитетинин биринчи катчысы.
1985-жылы КПСС БКнын инспектору. 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы.
1990-жылдын апрель-декабрь айларында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон.
1991-жылдын апрель-август айлары КПСС БКнын идеологиялык бөлүмүнүн кңешчиси.
1993-96-жылдар Тоо кен иштериндеги коопсуздукту техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин мүдүрү.
А. Масалиев 1995 - жылкы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги атаандашы болгон.
Бул шайлоодо бийлик добуштарды одоно бузуу менен - президенттин ошол кездеги маалымат катчысы К. Баялинов мурда айткандай - Акаевдин 73 процент добуш алып жеңүүсүн камсыздаганы бүгүнгө дейре айтылып жүрөт.
КПСС БКнын мүчөсү (1986-1991), СССР Жогорку Советинин 10-11-чакырылышынан депутаты, СССРдин эл депутаты(1989-1991), СССР Жогорку Советинин мүчөсү, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине беш чакырылышына депутат шайланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты.2000-2004-жылдары КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты.
Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы, СКП-КПССтин аткаруу комитетинин кеңеш мүчөсү, СКП-КПСС кеңешинин төрага орун басары болгон.
Соңку маек
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Абсамат Масалиевден эң соңку ирет интервью алган маалымат булактарынын бири – «Азаттык» үналгысы болуп калды. 29-июлда, 2004-жылы, ал "Азаттыктын" кабарчысы Бекташ Шамшиев менен маек куруп, Кыргыз өкмөтүнүн жарым жылдагы экономикалык өсүштөр жана ийгиликтер тууралуу маалыматын так эмес деп сынга алган:
- Көмүр өнөр жайын алсак, жылына 4 млн тонна көмүр казып, биз Казакстан, Өзбекстан тарапка сатчубуз. Булардын баары токтоп турат, жылына 250-300 миң тонна көмүр гана казылып жатат. Ошондуктан азыр экономика катуу өсүп атат деген (билдирүү) туура эмес.
Замандаштардын эскерүүсүндө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Замандаштары А.Масалиевди чынчыл, ак жүрөк зат, паракордук, жемкордук сыяктуу одоно көрүнүштөрдөн өзүн пакиза туткан инсан катары да билишчү.
"Эсимде, - деп эскерет тарыхчы жана журналист Т.Чоротегин, - 1995-жылы ал президенттикке талапкер катары чыккан чакта аны менен «Азаттык» үчүн маек курдум. Маектен соң, 1990-жылдын октябр айындагы окуяларга кайра кылчаюуга да мүмкүн болду. Мен ал кезде Жогорку Кеңештин төрагасы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчиси, консерватор саясатчы Абсамат Масалиевдин кызматтан кетишин талап кылган саясий өнөктүккө, саясий ачкачылыкка да катышкан элем. Алардын баарын Абсамат ага дурус билээр эле.
Ал мыйыгынан күлүп: «Эгерде мен ыйманды, чынчыл болуу керектигин ойлобосом, ошол октябр күндөрү бир эле министрлик кызматты бир нече кишиге сунуш кылып, далай аткаминерди алдап бийлигимди сактап калмакмын. Андай иштерге мен эч качан барбас элем», деп айтканы эсимде", - дейт Т.Чоротегин.
Бир кезде бийликтеги Абсамат Масалиевге каршы чыгып, анын саясий оппоненти болгон «Эркиндик» партиясынын жетекчиси, мурдагы КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири Топчубек Тургуналы маркум саясатчы тууралуу 2004-жылы мындай деп эскерген:
- Апсамат аке жөнүндө эң оболу менин айтаарым – бул киши эски заманда дагы, жаңы заманда дагы элдин кызыкчылыгы үчүн жан дилин берип, күйүп-бышкан адам эле. Бул киши эл үчүн деп жанын сабап жүрүп (дүйнөдөн) өтүп кетти.
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]А.Масалиев Октябрь революциясы ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, КМШнын парламенттер аралык «Шериктештик» ордени, үчүнчү даражадагы «Манас» ордени жана медалдар менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Эл баатыры.
Чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]А. Масалиев «Советтик доордон үзүндүлөр»(Бишкек, 1996) деген китептин автору.
Ал тууралуу адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстан: Энциклопедия. - Бишкек, 2001.