Максим Аммосов

Википедия дан

Максим Кирович Аммосов (1897–1938) – саха улутунун чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмери. Ал советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер болгон. Кыргызстан КП(б) БКнын туңгуч 1-катчысы болуп иштеген (1937).

Өмүрүнүн кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Максим Кирович Аммосов 1897-жылы 10-декабрда (жаңы стил боюнча - 22-декабрда) падышалык Орусиянын отордук аймагы болгон Саха облусунун Нам улусуна таандык Хатырык конушунда туулган.

Сибирде Кеңеш өкмөтүн орнотууга чоң салым кошкон.

1916-жылдан тартып революциячыл ишке аралашкан. Сахада ревкомдун төрагасы, 1922-жылдан баштап РКП(б)нын Саха облустук бюросунун катчысы болуп иштеген, 1923-жылдан Москвада Саха өкүлчүлүгүнүн төрагасы болуп эмгектенген.

1922-жылы апрелде (чын куранда) Платон Ойунский жана Исидор Барахов менен бирдикте Саха АССРин негиздөөдө зор рол ойногон.


1925-жылдын июлунан 1928-жылдын августуна чейин Саха АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин (өкмөтүнүн) төрагасы жана Борбордук аткомдун төрагасы (март 1927 — август 1928) болуп иштеген.

1928–30-ж. партиянын Батыш Казакстан обкомунун катчысы болуп эмгектенген,

1934–36-жылдары большевиктик партиянын Караганда, Түндүк Казакстан облустук комитеттерин жетектеген. Казакча суудай билген.

март 1937 — апрель 1937 — первый секретарь Киргизского областного комитета ВКП(б); апрель 1937 — май 1937 — и. о. первого секретаря ЦК КП(б) Киргизии; июнь 1937 — ноябрь 1937 — первый секретарь ЦК КП(б) Киргизии.

Кыргызстанга большевиктик партиялык тапшырма менен жиберилип, 1937-жылдын март-апрель айларында ВКП (б)нын Кыргыз облустук комитетинин 1-катчысы болгон.

1937-жылдын апрел-май айларында Кыргызстан КП БК Биринчи катчысынын милдетин аткаруучу болгон.

1937-жылдын июнь-ноябрь айларында - Кыргызстан КП БК Биринчи катчысы болуп иштеген.

Репрессия мезгилинде, 1937-жылдын 16-ноябрында жалган жерден айыпталып, Бишкекте камакка алынган.

1938-жылы 28-июлда Москва шаарында атууга дуушарланган.

1956-жылы 28-апрелде СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясынын аныктамасына ылайык акталган.

Эс тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында 2012-жылдын декабрында Максим Аммосовго арналган айкел Чыңгыз Айтматов атындагы паркта орнотулду.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]