Урстанбеков, Бейше

Википедия дан

Урстанбеков (Үрстөнбеков) Бейше (1938–1991) – кыргыздын таанымал тарыхчысы, педагогу, археология сабагы боюнча адис, кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын иликтөөчүсү, доцент, тарых илимдеринин кандидаты.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бейше Үрстөнбеков (Урстанбеков) 1938-жылдын 16-майында Кыргызстандын азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Арал кыштагында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун адегенде жумушчулук кесиптен баштап, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

1967-69-жж. Ош педагогикалык институтунда (азыркы ОшМУда) окутуучу, 1969-ж. тартып өмүрүнүн соңуна чейин КМУда (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУда) окутуучу, ага окутуучу жана доцент болуп иштеген.

Ал жарыялаган эмгектердин ичинде “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү” (1979), “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүк-справочниги” (1985), “Коло доору” (1986), жана Тынчтыкбек Чоротегин менен калемдеш болуп жарыялаган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” (1990) [1] жана башка эмгектери бар.

Ал 1991-ж. 13-октябрда 53 жашында эле Бишкек шаарында оорунун айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Сөөгү Арал айылындагы көрүстөнгө коюлган.
Анын ысымы Тогуз-Тородогу киндик каны тамган Арал айылындагы орто мектепке ыйгарылган.

Илимий-педагогдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бейше Урстанбеков тарых илимдеринин новатору эле.
Убагында анын шакирти менен аткарган “Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы” аттуу эмгеги кыска аралыкта таңсык китептердин катарына кошулган. Аталган эмгектин масштабы жана козголгон проблемалардын көлөмү, аны бүгүнкү күндө да илимге жаңы аралашкан аспиранттардан баштап, көзү каныккан окумуштуулар үчүн да жолдомо китеп катары колдонулушуна себепкер болгону ачык байкалат. Бейше Урстанбековдун көзгө көрүнгөн дагы бир өзгөчөлүгү – ал билим десе ашын таштап, китептен нарк таап, анык илим менен узанган адам болчу. Илимпоздун илимпоздук ишмердүүлүгү жана билим көксөгөн эмгекчил касиети кимди болсо да суктандырбай койчу эмес.

Окумуштуунун дагы бир кайталангыс касиети – педагогдук иште билинген десек ашыкча болбос. Бейше Урстанбеков талантуу педагог, чебер лектор эле. Анын лекцияларына баарын билем деген билермандардан баштап, сабактан жаа бою качкандар да жапатырмак катышчу. Адатта көңүлсүз эсептелген “Археология” сабагын ал киши илим-билим менен ширелген чыгармага айландырчу. “Намазга-тепе”, “энеолит”, “палеолит” сыяктуу археологиялык илимий терминдер, агайдын чечмөөлөсүндө кемелине келип, баардык түшүнүгү менен ачылып чыкчу. Бейше Урстанбеков дасыккан лектор жана сөзгө чебер окутуучулугу менен айырмаланчу. чукугандай сөз таап, “супсак” археологиялык терминдердин ажарын ачып салчу.

Бейше Урстанбеков илим жана билим коомчулугунда чебер устат катары эсте калаары талашсыз.
Азыр алыстай элек убакыт бийиктигинен караганда, Бейше Урстанбековдун окумуштуулук турмушу таланттуу шакирт издөө менен өткөндөй ойго жетелейт. Эгер илимге шыктуу студент менен жолукса ал киши, “агынан жарылып”, болгон тажрыйбасы жене топтогон илим багажы менен бөлүшүүгө даяр эле. Дасыккан окутуучу катары ал студенттер арасында селекциялык иш жүргүзүп, алардын арасынан азыр профессор Аалыбек Акунов, доцент Нарынбек Алымкулов сыяктуу илимге шыктуу жаштарды окумуштуулук жолго сапарын түздөгөн.

Бейше Урстанбековдо тубаса окумуштуулук касиет бар эле. Ал кыска аралыкта 50 чамалуу илимий монография, илимий популярдуу макалаларды жазган. Кийинки убакта катуу ооруп жүргөнүнө карабастан, келечекке опол тоодой долбоорлорду түзүп, жетишсем жетишип калдым, болбосо шакирттерим бүтүрөөр деп, аларды чекесинен чаалыкпай ишке алып тамамдап келген.

Жакшы адамдан нур чачырап, аркасынан сөз ээрчийт дешет. Ошол нур чачырап, сөз ээрчиген адамдардын арасында Бейше Урустанбеков да бар эле. Ал да болсо агайдын маңдай тер төккөн адал эмгеги менен адамдык абийир-ыйманынын акыбети болгон.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бейшенин жубайы - Тиленбү.
Алардын уул-кыздары: Жамийла, Гүлмира, Замира, Кубан, Нурлан, Керим, Тимур, неберелери бар.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Урстанбеков, Бейше. Краткий русско-киргизский терминологический словарь по археологии [Текст]. - Фрунзе: Илим, 1979. - 152 с.
  • Урстанбеков Б. Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү. - Фрунзе: Илим, 1979.
  • Урстанбеков Б. Подготовка и воспитание молодой рабочей смены Киргизистана в условиях зрелого социализма, 1959-1970 гг. - Фрунзе: Кыргызстан, 1981. - 114 с.
  • Урстанбеков Б. Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүк-справочниги. - Фрунзе: Илим, 1985.
  • Урстанбеков, Б.У., Эгемназаров Д. Краткий русско-киргизский словарь рабочих профессий / Б. Урстанбеков, Д. Эгемназаров. - Фрунзе: Мектеп, 1985. - 108 с.
  • Урстанбеков Б. Коло доору. - Фрунзе, 1986.
  • Урстанбеков Б. Развитие ПТО Киргизской ССР в период развитого социализма: дисс. ... канд. ист. наук. - Фрунзе, 1980.
  • Урстанбеков Б.У. Развитие ПТО Киргизской ССР в период развитого социализма (1959-1970 гг.). - Ашхабад, 1980.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Киргизская Советская Социалистическая Республика // Ежегодник БСЭ. 1990. – Москва: Сов. Энцикл., 1990. - Вып 34. - С. 124-128.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энцикл. Башкы ред, 1990.
  • Чороев Т.К., Урстанбеков Б.У. Основные этапы распространения ислама в Киргизстане в VII-XIV вв. // Вопросы истории материальной и духовной культуры Киргизстана: Сб. науч. ст. / Отв.ред. А.А. Асанканов. - Фрунзе: КирГУ, 1987. – С. 28-44.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тогуз-Торо району: Энциклопедия. - Бишкек: Макспринт, 2017.
  • Ураимов, Абдумомун. Развитие профтехобразования на юге Кыргызской Республики в 50-80-х годах: Автореферат дис... кандидата исторических наук: 07.00.02. - Бишкек, 1994. - 25 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.