Жалал-Абад облусу

Wikipedia дан
(Жалалабат облусу барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Жалал-Абад облусу
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Жалал-Абад облусу картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Облус

Курамында:

6 шаар, 8 район

Акимий борбору:

Жалал-Абад

Ири шаарлары:

Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Көк-Жаңгак

Түзүлгөн убакыты:

21-ноябрь 1939

Ырасмый тилдери:

Кыргыз тили, Орус тили

Калкы (2019):

1 214 400 (3 орун)

Жыштыгы:

30,76 адам/км²

Улуттук курамы:
Диний курамы:

Мусулманчылык

Жер аянты:

33 700 км²

Саат алкагы:

UTC+6

ISO 3166-2 коду:

KG-J

Телефон коду:

+996 3722

Унаа коду:

D,04

Ырасмый сайты

Жалал-Абад облусуКыргыз Республикасынын түштүк-батыш жагынан орун алган облус. Жалпы аянты 33,7 миң км2, облустун борбору - Жалал-Абад шаары.

Административдик-аймактык түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Карта Аталыш Туу, герб Туруктуу калк

2021, миң адам[1]

Баш ийген

айыл аймактар (а. а.), шаарлар жана шаар тибиндеги посёлоктор[2]

Айыл аймактарга жана шаарларга кирген айылдар
Kyrgyzstan Aksy Raion.png
Аксы району жок 137 103 Кербен шаары Ак-Дөбө а., Жетиген а., Күлүк-Дөбө а., Курулуш а., Мамай а., Устукан а.
Авлетим айыл аймагы Авлетим а., Байкашка-Терек а., Дерес-Сай а., Жаңгактуу-Булак а., Ит-Агар а., Коргон а., Мукур а., Тегирмен-Сай а., Товар-Сай а.
Ак-Жол айыл аймагы Ак-Жол а., Жолборсту а., Кара-Тыт а., Кечүү а., Кызыл-Бейит а., Күрп а., Райкомол а., Разан-Сай а., Тегене а.
Ак-Суу айыл аймагы Ак-Суу а., Ак-Сай а., Коргон-Дөбө а.
Жаңы-Жол айыл аймагы Жаңы-Жол а., Кой-Таш а., Таштак а., Терс а.
Жерге-Тал айыл аймагы Жерге-Тал а., Боспиек а., Кызыл-Капчыгай а.
Кара-Жыгач айыл аймагы Кара-Жыгач а., Дардак-Дөбө а., Кара-Ой а., Сыны а., Тор-Камыш а., Чарба а.
Кара-Суу айыл аймагы Кара-Суу а., Жүзүмжан а., Кезарт а., Кызыл-Көл а., Сай-Булуң а., Топ-Жаңгак а., Түрдүк а., Чалдыбар а., Чат а.
Кашка-Суу айыл аймагы Кашка-Суу а., Жаңы-Айыл а., Кара-Дөбө а., Кара-Башат а., Өлөң-Булак а., Согот а., Тосту а., Туюк-Жар а., Чарбак а.
Кызыл-Туу айыл аймагы Кызыл-Туу а., Аркыт а., Жол-Сай а., Жылгын а.
Мавлянов айыл аймагы Атана а., Жаңгак а., Мундуз а.,Сары-Кашка а., Семет а., Таш-Жар а., Торук а., Улук а., Чие а.
Назаралиев айыл аймагы Жыл-Кол а., Кум а., Кызыл-Жар а., Нарын а.
Kyrgyzstan Ala-Buka Raion.png
Ала-Бука району
Coat of arms of Ala-Buka district.png
108 647 Ак-Коргон айыл аймагы Ак-Коргон а., Баястан а., Падек а., Сафедбулан а.
Ак-Там айыл аймагы Ак-Там а., Жапа-Салды а., Кызыл-Ата а.
Ала-Бука айыл аймагы Ала-Бука а., Достук а., Сапалак а., Сары-Талаа а.
Көк-Серек айыл аймагы Ак-Тайлак а., Бирлешкен а., Кош-Болот а., Сары-Кол а., Теңги а., Төлөкө а.
Көк-Таш айыл аймагы Көк-Таш а., Булак-Башы а., Жалгыз-Өрүк а., Күлпөк-Сай а., Орто-Суу а., Чоң-Сай а.
Өрүктү айыл аймагы Өрүктү а., Кеңкол а., Орто-Токой а., Өрүктү-Сай а., Чолок-Тума а.
Биринчи Май айыл аймагы Ажек а., Айры-Там а., Ак-Башат а., Алма-Бел а., Жаңы-Шаар а., Кара-Үңкүр а., Совет-Сай а.
Төрөгелди Балтагулов айыл аймагы Баймак а., Кажар а., Кашкалак а., Келте а., Кош-Алмурут а., Кош-Терек а., Ызар а.
Kyrgyzstan Bazar-Korgon Raion.png
Базар-Коргон району жок 183 908 Базар-Коргон шаары жок
Акман айыл аймагы Жаңы-Акман а., Жараке а., Кайырма а., Колот а., Коргон-Жар а., Кош-Коргон а., Таш-Булак а.
Арстанбап айыл аймагы Арстанбап а., Ак-Терек а., Бел-Терек а., Гава а., Гүмкана а., Дашман а., Жай-Терек а., Жарадар а.
Бешик-Жон айыл аймагы Бешик-Жон а., Баймундуз а., Жон а., Карача а., Көк-Алма а.
Кеңеш айыл аймагы Аук а., Биринчи Май а., Шыдыр а., Кара-Жыгач а., Кызыл-Октябрь а., Коткор а., Могол-Коргон а., Сейитказы а., Совет а.,
Кызыл-Үңкүр айыл аймагы Кызыл-Үңкүр а., Ак-Булак а., Жаз-Кечүү а., Катар-Жаңгак а., Көсө-Терек а.
Могол айыл аймагы Бувакол а., Кайнар а., Кара-Ой а., Кызыл-Суу а., Көктоңду а., Чарбак а., Чкалов а.
Сайдыкум айыл аймагы Сайдыкум а., Аркалык а., Дукур а., Жаңы-Абад а., Жаш-Ленин а., Кыргыз-Каба а., Кызыл-Ай а., Тойчубек-Чек а., Төш а., Турпак-Коргон а., Хажир-Абад а., Чек а., Чоң-Курулуш а.
Талдуу-Булак айыл аймагы Ак-Терек а., Ак-Тыт а., Каба а., Катар-Жаңгак а., Көк-Алма а., Кыргоо а., Сары-Жайык а., Үч-Булак а.
Kyrgyzstan Nooken Raion.png
Ноокен району жок 145 187 Кочкор-Ата шаары жок
Арал айыл аймагы Арал а., Интернационал а., Рассвет а., Чертак-Таш а., Черёмушки а.
Бүргөндү айыл аймагы Бүргөндү а., Жаңы-Арык а., Жеңиш а., Кичи-Бүргөндү а., Кокондук а., Курама а., Кызыл-Кыя а., Ноошкен а., Ууру-Жар а.
Достук айыл аймагы Достук а., Шамалды-Сай а., Шынг-Сай а., Кудук а., Кызыл-Туу а., Сары-Камыш а.
Масы айыл аймагы Масы а., Апыртан а., Беш-Жыгач а., Бөгөт а., Кызыл-Туу а.
Момбеков айыл аймагы Момбеков а., Бостон а., Жазгак а., Жаңы-Кыштак а., Көк-Таш а., Кочкор-Ата а., Курулуш а., Чек а.
Ноокат айыл аймагы Курулуш а., Кара-Булак а., Киров а., Коминтерн а., Кызыл-Жылдыз а., Параканда а., Рахманжан а.
Сакалды айыл аймагы Сакалды а., Аримжан а., Бөбүй а., Кагазды а., Кызыл-Кыргызстан а., Чек а., Чоң-Багыш а.
Шайдан айыл аймагы Алма а., Бирдик а., Жаңы-Арык а., Жон-Арык а., Көк-Айдар а., Тоскоол а., Эски-Масы а.
Kyrgyzstan Suzak Raion.png
Сузак району жок 308 243 Көк-Жаңгак шаары жок
Багыш айыл аймагы Багыш а., Беш-Бала а., Кедей-Арык а., Кызыл-Туу а., Октябрь а., Сары-Булак а., Сафаровка а.
Барпы айыл аймагы Ачы а., Боз-Чычкан а., Беш-Мойнок а., Жаңы-Айыл а., Жар-Кыштак а., Дөбөй а., Канды а., Комсомол а., Миң-Өрүк а., Маркай а., Пригородный а., Сай а., Таштак а., Төөлөс а., Түрк-Маала а., Үлгү а., Чаңгет-Сай а., Чеке-Дөбө а., Чокмор а.
Кара-Алма айыл аймагы Кара-Алма а., Орток а., Туура-Жаңгак а., Урумбаш а.
Кара-Дарыя айыл аймагы Арал а., Төш а., Чаңгыр-Таш а.
Көк-Арт айыл аймагы Комсомол а., Михайловка а., Подгорное а., Үч-Малай а.
Курманбек айыл аймагы Жоон-Күнгөй а., Калмак-Кырчын а., Канжыга а., Кара-Чолок а., Сары-Булак а., Саты а., Таран-Базар а., Урумбаш а.
Кыз-Көл айыл аймагы Кыз-Көл а., Ак-Булак а., Ак-Тоок а., Жаңы-Арык а., Жылан-Темир а., Карамарт а., Каду а., Кара-Булак а., Катыраңкы а., Кашка-Терек а., Кызыл-Кыя а., Сары-Булак а.
Кызыл-Туу айыл аймагы Ак-Баш а., Ак-Булак а., Ак-Терек а., Акчалуу а., Алмалуу-Булак а., Алчалуу а., Бостон а., Жаңы-Ачы а., Жашасын-2 а., Кара-Инген а., Кара-Көл а., Кашка-Суу а., Кызыл-Алма а., Кызыл-Сеңир а., Мундуз а., Орто-Азия а., Соку-Таш а., Талаа-Булак а., Таштак а., Шатрак а.
Ленин айыл аймагы Ленин а., Жыгач-Коргон а., Орто-Сай а.
Сайпидин Атабеков айыл аймагы Балта-Казы а., Бек-Абад а., Бостон а., Бөкөй а., Жаңы-Жер а., Жийде а., Кайнар а., Кара-Жыгач а., Кашкар-Маала а., Кызыл-Багыш а., Кыргыз-Абад а., Мундуз а., Найман а., Таш-Булак а., Түрк-Абад а., Өзбек-Абад а., Чек а., Ширин а.
Сузак айыл аймагы Сузак а., Арал а., Благовещенка а., Достук а., Жаңы-Дыйкан а., Камыш-Башы а., Кыр-Жол а., Садда а.
Таш-Булак айыл аймагы Таш-Булак а., Арал а., Гүлстан а., Димитровка а., Доскана а., Жаңы-Арал а., Ирригатор а., Теплица а., Чолок-Терек а., Ынтымак а., Эшме а.
Ырыс айыл аймагы Ырыс а., Арал-Сай а., Дөмөр а., Жар-Кыштак а., Кайнар а., Кургак-Көл а., Күмүш-Азиз а., Кыр-Жол а., Ладан-Кара а., Масадан а., Сасык-Булак а., Тотуя а., Чымчык-Жар а.
Kyrgyzstan Toguz-Toro Raion.png
Тогуз-Торо району жок 25 497 Атай айыл аймагы Атай а., Карл Маркс а.
Каргалык айыл аймагы Казарман а., Кызыл-Жылдыз а., Макмал а., Чет-Булак а.
Көк-Ирим айыл аймагы Арал а., Бирдик а.
Сары-Булуң айыл аймагы Кара-Суу а., Табылгыты а.
Тогуз-Торо айыл аймагы Дөдөмөл а., Кош-Булак а., Ленин а., Өрнөк а.
Kyrgyzstan Toktogul Raion.png
Токтогул району
Flag of Toktogul rayon.png
Coat of arms of Toktogul rayon.png
103 310 Токтогул шаары жок
Абды Сүйөркулов айыл аймагы Кара-Жыгач а., Көтөрмө а., Торкент а.
Аралбаев айыл аймагы Алмалуу а., Толук а., Ноот а., Чаар-Таш а.
Бел-Алды айыл аймагы Бел-Алды а., Коргон а., Сары-Сөгөт а.
Жаңы-Жол айыл аймагы Жаңы-Жол а., Арал а., Кара-Суу а., Комсомол а., Куйбышев а., Кызыл-Туу а.
Кетмен-Дөбө айыл аймагы Беке-Чал а., Терек-Суу а., Чоң-Арык а., Эшсай а.
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагы Кызыл-Өзгөрүш а., Ак-Жар а., Аң-Арык а., Бел-Кара-Суу а., Бууракан а., Жар-Таш а., Камыш-Башы а., Коңур-Өгүз а., Кош-Таш а., Орто-Жон а., Чеч-Дөбө а., Шайык а.
Никче-Сай айыл аймагы Ничке-Сай а., Чоргочу а.
Сары-Камыш айыл аймагы Бирлик а., Көтөрмө а.
Үч-Терек айыл аймагы Үч-Терек а., Жетиген а., Кызыл-Ураан а., Саргата а., Такталык а.
Чолпон-Ата айыл аймагы Чолпон-Ата а., Ак-Тектир а., Балыкты а., Кара-Күңгөй а., Кушчу-Суу а., Мазар-Суу а.
Kyrgyzstan Chatkal Raion.png
Чаткал району
Flag of Chatkal district.png
28 625 Каныш-Кыя айыл аймагы Каныш-Кыя а., Айгыр-Жал а., Башкы-Терек а., Коргон-Сай а., Кызыл-Токой а., Чакмак-Суу а., Жер-Капчыгай а., Кайың-Суу а., Кара-Булак а., Кара-Суу а.
Сумсар айыл аймагы Сумсар а., Мончок-Дөбө а., Шекафтар а.
Терек-Сай айыл аймагы Терек-Сай а., Ак-Терек а., Болуш а.
Чаткал айыл аймагы Ак-Таш а., Беш-Арал а., Жаңы-Базар а., Курулуш а., Чандалаш а.
Жалал-Абад шаары
Jalal abad flag.svg
Jalalabad coa.svg
112 997

(123 239 ― баш ийген калктуу конуштар менен)

жок Камандар а., Качкынчы а., Көлмө а., Кызыл-Кыргызстан а., Кызыл-Суу а., Таш-Кутчу а., Тельман а.
Кара-Көл шаары жок 22 963

(26 901 ― баш ийген

калктуу конуштар менен)

Кетмен-Төбө шаар тибиндеги посёлок Жазы-Кечүү а.
Майлуу-Суу шаары
Coat of arms of Mailuu-Suu.png
22 441

(25 892 ― баш ийген калктуу

конуштар менен)

Көк-Таш шаар тибиндеги посёлок жок
Таш-Көмүр шаары
Coat of arms of Tash-Komur.png
24 124

(44 065 ― баш ийген

калктуу конуштар менен)

Кызыл-Жар шаар тибиндеги посёлок, Шамалды-Сай шаар тибиндеги посёлок Кашкулак а., Кудук-Сай а., Кызыл-Алма а., Теңдик а., Чүйүт-Сай а.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Облустун аймагынын басымдуу бөлүгү Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймактарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто бийик жана жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр жана тоо аралык өрөөндөр болуп саналат. Деңиз деңгээлинен эң бийик жери 4503 м (Чаткал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 м (Базар-Коргон районунун аймагында). Облустун түн.-батыш, түн. жана чыгыш чет жакалары боюнча Батыш жана Ички Теңир-Тоо системаларына кирген бийик кырка тоолор Чаткал (бийиктиги 4503 м), Суусамыр-Тоо, Молдо-Тоо (түштүк капталдары) созулуп жатат. Облустун борбордук бөлүгүн Фергана (түн.-батышын), Кочкор-Төбө, Ат-Ойнок, Исфан-Жайлоо, Чаак-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолору ээлеп, түштүк-батышты карай жайпаң рельефтүү этек тоолорго өтөт. Фергана өрөөнүн түндүктөн торогон тоолордо дарыя өрөөндөрү жана салыштырмалуу бийикт. 100-400 мге жеткен адыр-дөңсөөлөр кезектешип жайгашат. Дарыя алаптарын Көкарт (мында облустун борбору Жалал-Абад шаары жайгашкан), Кара-Үңкүр, Нанай (Пачатанын алабы), Ала-Бука өрөөндөрү ээлейт. Облустун курамына о. Эле обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөндөр Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо жана Чаткал ойдундары да кирет. Кетмен-Төбө жана Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана жана Ат-Ойнок, Чаткал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бөлүнүп турат.

Географиялык абалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кырка тоолору байыркы кристаллдык тоо тектерден (гранит, порфир), ал эми тоо капталдары жана тоо аралык ойдуңдары карбон, девон жана палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектерден түзүлгөн. Кен байлыктарынын ичинен облус отун-энергетика ресурстарына бай. Нарын дарыясында ГЭС каскады (Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон) бар; Камбар-Ата I, II ГЭСтери курулууда. Таш көмүр Көк-Жаңгак, Таш-Көмүрдөн казылып алынат. Мунай менен табигый газ кендери Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, Кочкор-Атадан чыгат. Андан сырткары сурьма (Терек кени), полиметалл (Сумсар кени), марганец кенташы (Кара-Алма суусунун төмөнкү агымында) жана башка кендер да бар. Металл эмес кен байлыктардан озокерит (Майлы-Сай), гипс (Сузак районунда) жана башка кендер чыгат. Ысык жана минералдуу булактар чыккан жерлер да арбын (Жалал-Абад, Майлы-Суу жана башка). Облустун аймагы рекреациялык ресурстарга бай; мында туристтерди кызыктыруучу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма, Сары-Челек, Пачата сыяктуу кооз жерлер бар.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Тоолордун орографиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү арктикалык суук жана континенттик аба массаларынын аймактын климатына тийгизген таасирин кыйла басаңдатат. Жай мезгилинде бийик кырка тоолор Орто жана Борбордук Азия чөлдөрүнүн аптабын кыйла серүүндөтөт. Бирок, батыштан соккон аба агымы жана анын түн.-батыш, түштүкбатыш салаалары Түн. жана Чыгыш Ферганага тоскоолсуз кирип, облустун аймагына жана анын түрдүү ландшафттык зоналарына жагымдуу аба ырайын түзөт. Ички Теңир-Тоодо жайгашкан Кетмен-Төбө жана Тогуз-Торо өрөөндөрүнүн климаты облустун Фергана өндүрү жак бөлүгүнө караганда кыйла башкачараак. Бул өрөөндөрдө муздак тоо абасы туруп калат; декабрдан мартка чейинки темп-расынын орточо максимуму Түштүк Кыргызстандын башка метеорологиялык станцияларыныкына караганда 10°Сге төмөн болот. Жаан-чачын режими окшош болгондугуна карабастан, жааган жаан-чачындын өлчөмү менен абанын темпрасынын ортосунда айырмачылык сөзсүз болот. Аймактын деңиз деңгээлинен бийиктигине, тоо капталдарынын экспозицияларына жана рельефинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жайы ысык, жылуу, серүүн же суук болушу мүмкүн. Июлдун орточо температурасы этек тоо-адырлуу зонада 2522°С, жапыз тоолуу зонада 22-15°С, орто бийик тоолуу зонада 15-10°С, бийик тоолуу зонада 105°С, нивалдык-гляциалдык зонада 5-0°С. Жайдын биринчи жарымы жаанчыл, экинчи жарымы жана күз маалы өтө кургакчыл. Кышы жалпысынан мелүүн-суук, январдын орточо температурасы -3°Сден -15°Сге чейин. Эң төмөнкү темп-ра бийик тоолуу ойдуңдарда адатта Кызыл-Жарда (Тар ойдуңу) абсолюттук минимум -40,9°С, Чаткалда 39,8°С, ал эми ушул эле мезгилде муздак аба туруп калган ойдуңдарда Ошто -25,9°С, Кербенде(1280 м бийиктикте) -26,1°С гана болот. Ушундай эле кубулуш кышында Фергана өрөөнүндө да температуралык инверсияга байланыштуу пайда болот; тоолордо ойдуңдарга караганда жылуураак келет. Атмосфералык жаан-чачын бийиктик зоналуулук боюнча өзгөрөт жана ал ным алып келүүчү аба агымдарына карата жайгашуу экспозициясына байланыштуу. Фергана, Ат-Ойнок, Талас Ала-Тоолорунун түштүк-батыш капталдарында жаан-чачын 500-900 мм жана андан да мол жаайт. Токой-шалбаалуу талаа алкагында мелүүн-жылуу жана нымдуу жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачындын жылдык өлчөмү 500 ммден 900 ммге чейин, анын 50%и вегетация мезгилине туура келет. Чаткал системасына кирген тоолор орографиялык жактан ыктоодо жайгашкандыктан, жаан-чачынга салыштырмалуу жарды (400-500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун түштүк-батыш капталына тоо аралык ички ойдуңдарындагыдай эле 300400 мм гана жаан-чачын жаайт. Жаан-чачын эң мол жааган мезгили жаз маалы, анын жылдык өлчөмүнүн 60%тен ашыгы кыш-жаз мезгилине туура келет, август-сентябрь эң аз жааган мезгил. Жаан-чачын көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт. Тоолордо 2500-3000 мден жогору кардын өлчөмү кыйла зор (жылдык жаан-чачындын 30-50%). Кар катмарынын калыңдыгы тоо этеги-адырлуу зонада 20-25 смден, бийик тоолордо 90-100 смге чейин жетет. Фергана тоо тизмегинин кыр бөлүгүнө жакын кардын калыңдыгы 150 смдей болот.

Суулары[оңдоо | булагын оңдоо]

Облустун аймагы, айрыкча Фергана тоо тизмегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы жана алардын суусунун молдуулугу менен айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чаткал, Кара-Дарыя. Нарын дарыясы Фергана тоо тизмегинин тармактарын жана Чаак-Тоону кесип агат. Облустун чегинде Нарынга сол тараптан Көк-Ирим, Кемпир-Ата, Ничке-Сай жана башка, оң тараптан Толук, Торкен, Чычкан, Узун-Акмат, Кара-Суу жана башка суулар куят. Бул суулар терең өрөөндөр менен шар агып, нуктарында босоголор көп. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталынан агып түшкөн суулардын бардыгы Кара-Дарыянын оң куймалары Чаңгет, Көгарт, КараҮңкүр, Майлы-Суу жана башка Ал эми облустун батышындагы Пачата, Чанач, Касан-Сай, Сумсар суулары Сыр-Дарыяга оң тараптан куят. Чаткал дарыясы Талас Ала-Тоосунун түштүк-батыш капталынан башталып, төмөнкү агымында кууш жана терең шаңшаардан чыга беришинде Пскем суусу менен кошулуп, Чырчык дарыясын түзөт. Анын ири куймалары: Чандалаш, Терс, Кара-Корум, Теректи-Сай жана башка Облустун дарыялары суу энергиясына өтө бай; Нарын дарыясына ГЭС каскады суу сактагычтары менен курулган. Дарыя суулары дээрлик сугатка пайдаланылат. Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгышындагы этек тоолорунда Сары-Челек, Көгала, Кара-Суу жана башка, Чаак-Тоонун түштүк капталдарында Кара-Көл жана башка көлдөрүнүн, дарыя өрөөндөрүн көчкү бөгөп калышынан пайда болгон тоо көлдөрү бар.

Флорасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Аймактын топурак-өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү келип, таралышына бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Облустун аймагынын эң жапыз бөлүгүн (деңиз деңгээлинен 500-900 м бийиктикте) шыбак-эфемердүү чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү (ак шыбак, ыраң, баялыш жана башка) ээлеп, анда ачык боз жана кадимки боз топурактар өөрчүйт. Бул топурактарга аз кесекчелүү борпоң структура мүнөздүү, чириндиси салыштырмалуу аз, ал эми минералдык сиңимдүү заттары арбын. Сугарганда түрдүү маданий өсүмдүктөр жакшы өсөт. Талаа өсүмдүктөрү бийик адырларды, айрым жерлерде жапыз тоолорду ээлеп, деңиз деңгээлинен 900-1300 м бийиктиктеги кеңири тилкени камтыйт. Чириндиси салыштырмалуу мол күңүрт боз топурак басымдуу. Өсүмдүктөрдөн пияз, түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, о. эле шыбак, сарындыз өсөт. Ушул эле зонада талаа жана шалбаа өсүмдүктөрүнүн арасында ксерофиттик сейрек токой, жыгач мистенин массивдери, сейрек долоно кездешет.

Деңиз деңгээлинен 1000-2200 м бийиктикте токойлуу талаа зонасы жайгашкан. Мында жаңгакмөмө жемиш токою талаалашкан шалбаалуу, бадалдуу, сейрек алмалуу жерлер менен кезектешип жатат. Токой астында кара коңур токой, бадалдар, шалбаа жана талаа өсүмдүктөрүнүн астында күңүрт боз тоо-талаа топурактары өөрчүйт. Жаңгак токоюнун астында өөрчүгөн топурак өзгөчө касиетке ээ: чириндиге бай, ал топуракка каралжын өң берип турат, жаңгак сымал структуралуу, ным сыйымдуулугу өтө зор жана башка Ошого байланыштуу, капталдардын кыйла эңкейиштигине карабай агын суулар жокко эсе, кар жана жамгыр суулары бүт кыртышка сиңип кетет. Облустун аймагынын зор аянтын (700 миң га) ээлеген жаңгак-мөмө-жемиш токоюнун чарбалык мааниси өтө зор. Ал токойлор Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун Фергана өрөөнүн караган этек тоолорун ээлейт. Айрым жаңгак дарактары бириндеп 800 м бийиктиктен эле кездеше баштайт. Жаңгак токою деңиз деңгээлинен 1000-1200 мден 1800-1900 м бийиктикке чейин эң кеңири таралган. Жаңгак токоюнун арасында алма, алча, айвансары, карагат, итмурун, изирик жана башка дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Андан жогору 2200 м бийиктикке чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кездешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жапайы мөмө-жемиш дарактары алмурут, алча, бадам, жүзүм жана башка өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын түштүк, о. эле чыгыш экспозицияларынан башка бүт беттеринде өсүп, алар негизинен жаңгак жана жапайы мөмө-жемиш дарактарынан турат. Токойлуу талаа зонасынын ачык түштүк жана бир аз чыгыш капталдары эфемероиддүү шалбаа жана талаа менен капталган; аюу чач, пияз түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ак сокто, кылкансыз түбү бош жана башка үстөмдүк кылат. Түрдүү чөп өсүмдүктөрүнөн бийик чатыр гүлдүүлөр аюу чач, шашыр өсөт. Кеңири аймакты ээлеген шалбаалуу талаанын бул бөлүктөрү негизинен кеч жаздагы жайкы жайыт катары пайдаланылат. Бул зонанын жантайыңкы капталдарында жана жайык кырларында кайрак эгин эгилет. Субальп зонасы 2000-3000 м бийиктикти ээлейт. Мында субальп шалбаасы жана карагай, көк карагай, арча, кайың ж. б-дан турган токой өсүмдүктөрү кеңири таралган. Субальп зонасында күңүрт түстөгү тоо-токой жана тоо-шалбаа-талаанын күрөң, чанда кара топурак сымал топурак типтери өөрчүйт. Чөп өсүмдүктөрдөн флёмис, крестовник, шимүүр, түлкү куйрук, ак сокто жана башка өсөт. Субальп шалбаасы жайкы жайыт катары кеңири пайдаланылат. Альп зонасы кырка тоолордун бийик (3000 мден жогору) бөлүгүн ээлейт. Анда чымдак-чала чымдашкан тоо-шалбаа альп топурактары өөрчүйт. Зонанын басымдуу бөлүгүн аска, корум таш-шагылдар, чакан бөлүгүн альп шалбаасы ээлейт. Альп өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы көбүргөн басымдуулук кылган фитоценоздор болуп саналат. Көбүргөн менен кошо каз таман, козу кулак, таран жана башка да өсөт. Альп шалбаа зонасы кыска мезгилге жайыт катары пайдаланылат.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Облустун калкы республиканын калкынын 18,7%ын (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%ы (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%ы (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын саны боюнча республикада Ош облусунан кийин 2-орунда. Көп улуттуу; басымдуу бөлүгү кыргыздар (2006; 71,0%), ошондой эле өзбек (24,6%), орус (1,2%), тажик (0,6%), түрк (0,6%), татар (0,5%), украин (0,1%) жана башка улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы жалпы республиканыкына караганда бир аз жогору: 1 км2 жерге 29 адам (республикада 26) туура келет. Шаарлары: Жалал-Абад (облустун борбору, 97,2 миң), Таш-Көмүр (31,7 миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (15,6 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009-жылы эл каттоо): Базар-Коргон (33,4 миң киши), Сузак (24,0 миң), Масы (13,9 миң), Казарман (9,5 миң), АлаБука (10,8 миң), Каныш-Кыя (2,4 миң).

Облустун жалпы калкынын жаш курактары боюнча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-жылы 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары 510,4 миң (53,1%), эмгек жашынан өткөндөр 62,3 миң (6,5%).

Улуттук курамы[оңдоо | булагын оңдоо]

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалал-Абад облусу экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада Чүй облусунан кийинки 2-регион. Анын өнүгүшүн өнөр жай, айыл чарба, курулуш, транспорт жана байланыш, соода жана коомдук тамактануу тармактары, ал эми социалдык өсүшүн тейлөө кызмат, билим жана илим, саламаттык сактоо, маданият жана башка тармактарынын деңгээли аныктайт. Бул тармактар базар экономикасынын шартына ылайык ар түрлүү менчикке тиешелүү өндүрүштүк же тейлөөчү ишкана жана мекемелерден (өнөр жайчакан жана өнөктөш ишканалар, кооперациялар, акционердик коомдор, биржа жана фирмалар, дыйкан жана фермер чарбалары, ошондой эле жеке дыйкан чарбалары) жана башка өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат. Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алардын 2,2%и мамлекеттик менчиктеги, 2,1%и коммуналык жана 95,7%и жеке менчиктеги ишканалар. Ишканалар түрлөрү боюнча ири (0,3%), орто (0,5%) жана чакан (1,8%), дыйкан (фермер) чарбалары (78,7%), жеке ишкерлер (18,1%) жана башка обочолонгон бөлүмчөлөр (0,6%) болуп бөлүнөт.

Өнөр жай[оңдоо | булагын оңдоо]

Өнөр жай тармагында бардыгы 135 ишкана иштейт, алардын ичинен 102си өзүнчө баланста турган өнөр жайишканалары болгон (2005). Аларда 17,4 миңден ашык жумушчу иштеп, 2006-жылы 7007,8 млн сомдук (республиканын 19,5%) продукция өндүргөн. Ө. ж-дын негизги тармактары: электрэнергетика (өнөр жайпродукциясынын 54,0%ин түзөт), машина куруу (19,2%), отун (10,1%), түстүү металлургия (6,3%), жеңил (6,2%), тамак-аш (2,8%) жана башка өнөр жайтармактары. Облустун өнөр жайтармактарынан электр-энергетика, машина куруу, отун жана түстүү металлургиянын респ-дагы орду кыйла жогору.

  • Электр энергетика

Облустун өнөр жайынын 54,0% продукциясын өндүрүп (республиканын электр-энергетикасынын 83,3%), 4 ишкананы камтыйт: Токтогул ГЭС каскадынын «Электрстанция» ААК (2007-жылы 1,9 млрд сомдук продукция өндүргөн), «Электрстанция» ААКтын ПСГЭСи (851,2 млн сом), «Улуттук электр» ААК (95,0 млн сом) жана «Жалал-Абад электро» АК (446,0 млн сом). Бул тармакта облустун жалпы өнөр жайында иштеген калктын 21,8%и эмгектенип, өнөр жайындагы негизги өндүрүш каражатынын (фондунун) 43,7%и топтолгон. Облуста 2008-жылы 10,5 млрд кВт-с электр энергиясы (республикадагы электр энергиясынын 89,4%и) өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн электр энергиясынын басымдуу бөлүгү республиканын башка региондорунда пайдаланылат, чет өлкөлөргө экспорттолот.

  • Отун өнөр жайы

Облустун үчүнчү маанилүү өнөр жай тармагы. Бул тармакта 2007-жылы өнөр жай продукциясынын 10,1%и өндүрүлгөн. Отун өнөр жай структурасына көмүр казып алуу, нефть жана жаратылыш газын өндүрүү, нефтини кайра иштетүү тармактары кирет. Көмүр казып алуу тармагында 4 ишкана иштеп, аларда 219 адам эмгектенген. 2008-жылы 44,7 миң т көмүр казылып алынган (респ-да казылып алынган көмүрдүн 9,1%и), 2005-жылы «Тегене» ЖЧКнын кубаттуулугунун 44,0%и, «Көк-Жаңгак шахтасы» МАКтын 25,8%и, «Таш-Көмүр» МАКтын 27,4%и гана пайдаланылган болсо, «Коргон-Таш» АК иштебей турган. Көмүр казып алуудагы мындай акыбалга биринчиден өндүрүлгөн көмүрдүн өздүк наркынын кымбаттыгы, экинчиден алардын сапатынын начардыгы, үчүнчүдөн аларды сатуудагы рыноктун тардыгы же жоктугу себеп болууда.

  • Нефть жана табигый газ өндүрүү

Облустагы «Кыргызмунайгаз» АКсы, «Ань-Банг» ЖАК иштешкен. Алар 2008-жылы 55,0 миң т нефть (республика боюнча өндүрүүнүн 77,0%и) жана 17,3 млн м3 табигый газ (100%) өндүргөн. Облуста өндүрүлгөн жаратылыш газы Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарына берилип, азыраак бөлүгү Тажикстанга экспорттолот. Отун өнөр жайынын маанилүү тармактарынын бири нефтини кайра иштетүү. «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) биргелешкен ишканасы облуста өндүрүлгөн жана бөлөк өлкөлөрдөн ташылып келинген нефтини кайра иштетип, бензин (2007-жылы 35,0 миң т же респ-дагынын 46,7%и), дизелдик күйүүчү май (136,2 миң т же 95,8%и), мазут (220,0 миң тже 98,6%и) өндүргөн. Ишкана чыгарган нефть продуктулары республиканын түштүк райондорун толук камсыздай алат.

  • Түстүү металлургия

Жалпы өнөр жай продукциясынын 6,3%ын түстүү металлургия өндүрүп, өнөр жай тармактарынын ичинен 4-орунда турат. Бул тармактын 3 ишканасы бар, алар: Макмал алтын кен комбинаты (2005-жылы 389,6 млн сомдук продукция өндүргөн; 1143 адам иштеген); «Кыргызалтын» ААКтын филиалы «Терек-Сай кени» (24,2 млн сом өндүрүп, 464 адам иштеген); «Кристалл» МАК (жарым өткөргүчтүү кристаллдык кремний жана башка түрлөрүн чыгаруучу КМШ өлкөлөрүндөгү жалгыз ишкана).

  • Машина куруу жана металл иштетүү

Өнөр жай тармактарынын ичинде 19,2% продукция өндүрүп, электр-энергетика ө. ж-нан кийинки 2-орунду ээлейт. Тармактын 19 ишканасы бар; ирилери: «Майлы-Суу электр лампа заводу» АК, «Нур» АК, ТТО з-ду, «Достук» АК, «Гидросталь-конструкция» АК, «Кыргызэлектроизолит» з-ду, ОП-36/10 ишканасы, «Жетиген» АК, «Анар» з-ду, «Ротор» чакан ишканасы жана башка Облустун машина куруу өнөр жайреспубликанын масштабында ушул тармактын 46,1% продукциясын өндүрүп, облустардын ичинен 1-орунда турат. Негизги продукциялары: электр лампалары (2007-жылы 171,2 млн даана), электр өткөрбөөчү (изоляциялоочу) материалдар (тасмалар) жана түтүкчөлөр, электр жылыткычтар, насос, автомобиль тетиктери. Бул тармакта өндүрүлгөн продукциянын көп түрү экспортко чыгарылат. «Майлы-Суу электр лампа заводу» АКтын продукциясынын 80,0%ке жакыны, «Нур» АКтын 60,0%тен ашык продукциясы экспорттолот. Негизги ишканалары Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата ш-нда, Сумсар шаарчасында жайгашкан.

  • Токой, жыгаччылык жана целлюлоза-кагаз өнөр жайы

23 ишкана иштейт. Анын 18и токой өстүрүп, эмерек жана башка буюмдарды жасоого жарактуу жыгачтарды, отун даярдайт. Ал эми 5 ишкана жыгачтан эмерек жана башка буюмдарды жасоого ылайыкташкан. Негизги ишканалары: Жалал-Абад ш-ндагы «Эмерек», «Көгарт» АКтары, Базар-Коргон районундагы «Кыргыз-түрк вуд ИНДАСТРИ» биргелешкен ишканасы, токой чарбачылыгындагы чакан ишкана-цехтер жана башка Жаңгак жыгачынан, айрыкча анын уюлунан (кап) жогорку сапаттагы, баалуу, дүйнөлүк рынокко өтүмдүү эмерек жана башка буюмдарды жасоого жетишүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.

  • Курулуш материалдарын өндүрүү тармагы

12 ишкана иштейт (2007); негизги ишканалары: «Кыргызкурулушматериалдар» АК, «Темирташ» АК, темир-бетон заводу (Жалал-Абад ш-нда), «Ока-Керамика» ЖЧК (Кочкор-Атада), «Береке» АК (Майлы-Сууда), «Таш-Рабат» ЖЧК (Токтогул шаарчасында); чыгарган негизги продукциялары: темир-бетон конструкциялары, кыш, карапа, черепица, бетон, курулуш аралашмалары жана башка Айрым курулуш материалдары (кыш жана башка) Өзбекстанга (Анжиян, Наманган обл-на) сатылат.

  • Жеңил өнөр жай

Жеңил өнөр жай тармагы өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча облустун өнөр жай структурасында 6,2%ти түзүп, 5-орунду ээлейт. Иштеген адамдардын саны боюнча тармактын респ-дагы үлүшү 17,3%, өндүргөн продукциясынын көлөмү боюнча 49,0%ти түзгөн. 2005-жылы жеңил өнөр жайтармагында 28 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Кыргыз пахтасы» жабык АК, «Мата» ААК, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Юнисеп Каттон-Рефинери», «Глейзер-Дунай-Нарын», «Актилек-А» ЖЧКлары жана башка Жеңил өнөр жайишканалары негизинен Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Майлы-Суу ш-нда, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул р-ндорунда жайгашкан. Алардын чыгарган негизги продукциялары: чигитинен тазаланып таңылган пахта буласы, токулбаган кездеме, о. эле көйнөк, шым, төшөк, бут кийим жана башка Пахта буласы экспортко (негизинен Россияга) чыгарылат.

  • Тамак-аш өнөр жайы

Облустун айыл чарбасында өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетип, эл керектөөчү товарларды, айрыкча азык-түлүктү өндүрүп, калктын муктаждыгын камсыз кылып туруучу маанилүү тармак. Анда 2006-жылы 54 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Келечек» АК (колбаса азыктары), «Сары алтын» (Таш-Көмүр ш-нда, ферменттелген тамеки), «Арак заводу» (41,5 млн сом), «Таттуу суу» (кондитер азыктары) АКтары, «Азиз тамеки» (ферменттелген тамеки). Ири ишканалары негизинен Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-нда жана Ала-Бука районунда жайгашкан. Облустун тамак-аш өнөр жай ишканалары 2008-жылы респ-да чыгарылган өсүмдүк майынын 69,6%, кондитер азыктарынын 13,5%, спирт ичимдигинин 4,8%, минералдуу суунун 20,8%, ферменттелген тамекинин 10,3%ин жана башка өндүргөн.

  • Тоют чыгаруу өнөр жайы

Ун-акшак жана аралаш тоют чыгаруу өнөр жайында 2008-жылы 6 ишкана иштеп, аларда жалпы өнөр жайында иштегендердин 0,6%и эмгектенген. Негизги ишканалары Жалал-Абад шаарында жайгашкан; ири ишканалары: «Дан-ЮГ», «Марьям и Ко» ЖЧКлары, «Азретайып», Таш-Көмүр шаарындагы «Техник» АКтары жана башка Облустун башка ишканалары да бул тармактын кошумча продукцияларын чыгарат; ошондой эле облустун шаарларында, райондорунда, айыл-кыштактарында жеке менчик тегирмендер ун-акшак тартышат. 2008-жылы облуста 70,5 миң т ун чыгарылып, ал республикада өндүрүлгөн ундун 22,4%ин түзгөн. Полиграфия өнөр жайынын 5 ишканасы иштейт; алар Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-ндагы басмаканалар жана чакан ишкана. Негизги продукциялары: китеп, гезит, бланк, этикетка жана башка ИДПнин 49,9%и а. ч-га туура келет. 2008-жылы 46 а. ч. кооперациясы, 2 орток дыйкан чарбасы, 4 АК, 8,2 миң жеке дыйкан (фермер) субъектилери катталып, алар 18467,5 млн сомдук продукция өндүргөн (республиканын жалпы продукциясынын 16,4%). А. ч-нда өндүрүлгөн продукциянын 62,4%и дыйканчылыкка туура келет, ал пахта, тамеки жана жашылча өстүрүүгө адистешкен. Кийинки жылдарда облустун жеринде кант кызылча жана май алынуучу өсүмдүктөр өстүрүлө баштады.

Айыл чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Айыл чарбага жарактуу жери 1857,3 миң га, анын 9,0%и (167,1 миң га) айдоо, 0,5%и (9,2 миң га) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, 2,1%и (39,0 миң га) чабынды жана 88,4%и (1642,1 миң га) жайыт (2008). Эгин аянты 875,5 миң га болуп (респ-дагы эгин аянтынын 14,6%и), анда 72,9 миң га дан (12,4%), 22,9 миң га пахта (67,5%), 4,5 миң га тамеки (31,0%), 5,6 миң га картөшкө (8,1%), 7,2 миң га жашылча (15,3%), 13,5 миң га тоют (8,0%), 19,9 миң га май алынчу өсүмдүктөр (34,8%), калган 1,1 миң га жерге бакча өсүмдүктөрү эгилген. Булардан башка облустун жеринде 6,8 миң га мөмө-жемиш бактары (14,0%), 1,3 миң га жүзүм (16,7%) аянты болгон. 2008-жылы 234,9 миң т дан (респ-кадагынын жалпы 15,5%), 63,2 миң т пахта (66,6%), 1,1 миң т тамеки (8,1%), 96,6 миң т картөшкө (7,2%), 153,1 миң т жашылча (18,6%), 18,9 миң т бакча өсүмдүктөрү (28,8%), 39,5 миң т мөмө-жемиш (21,3%) жана 6,2 миң т жүзүм (23,4%) алынган.

  • Мал чарба тармагы

Айыл чарба продукциясынын 37,1%ин өндүрөт. Облустун бардык чарбаларында 2009-жылдын 1-январында малдын саны миң баш менен эсептегенде: уй 241,3 (республиканын 19,7%), кой менен эчки 855,3 (19,0%), жылкы 51,6 (16,0%), чочко 0,9 (1,4%), үй куштары 756,4 (14,2%) болгон. Облустун мал чарбасынан 2008-жылы тирүү салмакта эсептегенде 46,8 миң т эт (республикада өндүрүлгөн эттин 14,1%и), 234,5 миң т чийки сүт (17,4%), 1,7 миң т жүн (14,5% ) жана 37,8 млн даана жумуртка (10,2%) өндүрүлгөн.

Транспорту[оңдоо | булагын оңдоо]

Жалал-Абад облусунда автомобиль, темир жана аба жолдор жана куур транспорту бар. Алардын ичинен негизги орунду автомобиль транспорту ээлейт. 2000-жылы автомобиль транспорту менен 4971,9 миң т жүк (респ-дагы жүктүн 13,6%и), 461,6 млн жүргүнчү (10,6%) ташылган. Автомобиль жолунун негизин Бишкек Ош жолу түзөт. Андан башка Жалал-Абад Казарман, Үч-Коргон Кербен Ала-Бука Каныш-Кыя жана башка автомобиль жолдору жана Кара-Суу Жалал-Абад Көк-Жаңгак жана Наманган (Өзбекстан) Үч-Коргон Таш-Көмүр темир жол тармактары өтөт. Алардын узундугу чектелүү болгону менен башка өлкөлөр менен экономикалык байланыш түзүүдө мааниси чоң. Кочкор-Ата шаарчасынан ЖалалАбад ш-на чейин газ кууру жеткирилген. Жалал-Абад шаарында, Казарман, Кербен, Каныш-Кыя кыштагында аэропорттор иштеп, алардын Бишкек менен аба жол каттамы бар. Жалал-Абад шаары Каракол, Чолпон-Ата шаары жана Казарман кыштагы менен жалпы аба жолдору аркылуу байланышат. Облустагы бардык шаарлар жана райондун борборлору облустун борбору Жалал-Абад шаары менен аба, кабель жана радиореле линиясы аркылуу байланышат. Облуста калкка кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү 2008-жылы 1199,6 млн сомду түзүп, республиканыкынын 7,1%ине барабар болгон.

Маданий турмушу[оңдоо | булагын оңдоо]

Облуста 13 ЖОЖ бар; анда 22,3 миң студент билим алып, аларда 970 окутуучу (анын ичинен 9 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты) иштеген. Ошондой эле 8 атайын орто (3,5 миң студент; 292 окутуучу), 22 кесиптик-техниктик (5,0 миң окуучу) окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү 416 мектеп (221,3 миң окуучу; 14,1 миң мугалим) бар. Облус боюнча 293 мектепте кыргыз, 6 мектепте орус жана 38инде өзбек тилдеринде, ал эми 74 мектепте сабактар кыргыз, орус, өзбек тилдеринде окутулат. Облус боюнча 92 клуб тибиндеги мекемелер, 3 автоклуб, 189 массалык китепканалар (2,0 млн нуска китеп жана журналдары менен), 11 ар түрдүү музейлер, а. и. Аксыдагы жана Тогуз-Тородогу тарых-мекен таануу музейлери, Сузак районунда Барпынын үй-музейи жана башка бар. Алардан башка балдардын 14 муз., 4 көркөм өнөр, 1 көркөм сүрөт мектептери, Жалал-Абад ш-ндагы Барпы атындагы кыргыз драма театры, Т. Тыныбеков атындагы филармония жана башка бар. Облусунун радио уктуруу жана телекөрсөтүү студиясы иштейт. 2006-жылы облуста 309 мед. дарылоо мекемеси болгон, анын 261и айылдык амбулаториялар, ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар. Бардык мед. мекемелеринде 1664 врач (10 миң адамга 19 врач), 7066 мед. орто билимдүү кызматкер (81), 7700 орундуу койка (10 миң адамга 89 койка) болгон. Кийинки жылдарда ири ооруканаларда акы төлөп дарылануучулар үчүн атайын палаталар иштей баштады.

Жалал-Абад ш-нын жанында дарылык касиети жогору болгон минералдуу суунун базасында Жалал-Абад курорту иштейт. Облустун аймагы жаратылыш шартынын кооздугу, кен байлыктарынын ар түрдүүлүгү жана тарыхый эстеликтеринин сакталышы менен белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү жаңгак токойлордун ичинен эң зор аянтты ээлеген белгилүү Түштүк Кырг-н жаңгак жана жемиш токоюнун 90%и облустун аймагында. Сары-Челек көлүнүн айланасы, Аркыт, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма жана башка жерлердин кооздугун айрыкча белгилөөгө болот. Облустун аймагында таш доорунда адам жашаган Кара-Суу тургун жайы, Саймалы-Таш (б. з. ч. 2-к. б. з. 8-к.) жана Чаар-Таштагы таш бетине чегилген сүрөт-эстеликтер, Торкен көрүстөнүнүн (1-5-к.) калдыктары, 10-12-кылымдагы Күлбөс-Хан, Чанчар-Хан жана Тогуз-Торо шаар-чептеринин чалдыбарлары, Шах-Фазил (12-к.), Арстан бабанын (16-к.) кабырлары, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү (19-к-дын башы) жана акыркы жылдарда калыбына келтирилип, кайра курулган Курманбек баатырдын күмбөзү бар.

Окуу жайлары[оңдоо | булагын оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]


Кыргызстандын акимий бөлүнүүсү Кыргызстандын желеги
Облустар: Баткен облусу · Жалал-Абад облусу · Нарын облусу · Ош облусу · Талас облусу · Чүй облусу · Ысык-Көл облусу
Шаарлар: Бишкек · Ош
  1. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны.
  2. Государственный классификатор, 2012, к. 15—28