Биринчи Май (Базар-Коргон району)
(Биринчи Май, Базар-Коргон району барагынан багытталды)
Биринчи Май[1] ― Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Кеңеш айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Базаркоргон кыштагынан 8 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темиржол бекетинен 40 км. Деңиз деңг. 815 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 3900 (2002); негизинен тамекичиликте жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, соода борбору, мечит, мончо бар.
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4