Мазмунга өтүү

Оогон-Талаа

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Оогон-Талаа
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонБазар-Коргон району
Координаттар41°15′57″ с. ш. 73°01′26″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1850
Борборунун бийиктиги1100 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы2 943 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Оогон-Талаа (Кыргызстан)

Оогон-ТалааКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Могол айыл аймагынын курамына кирет.

«Ачы» токой чарбасынын аймагында, Кара-Үңкүр менен Арстанбап сууларынын кошулган жериндеги тектирде, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 35 км түн.-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 71 км. Кыштак 1850-ж. пайда болгон. Калкы 2710 (2007); негизинен токойчулукта, дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен да алектенет. Мөмө-жемишти кайра иштетүүчү чакан ишкана, «Байлык» АКы, «Ачы» керек-жарак коому, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануучу жана соода жайлары, чайкана, базарчалар иштейт. Орто мектеп, китепкана, оорукана, поликлиника, дарыкана, бала бакча, Маданият үйү, почта жана телеграф бөлүмдөрү бар. Кыштакта Социалистик Эмгектин Баатыры П. Т. Слюсаренко, Кыргыз Республикасынын эл артисти С. Далбаев туулган.

Калкы - 2 943 киши.[1]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]