Мазмунга өтүү

Кайырма, Базар-Коргон району

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Кайырма
РайонКыргызстан
Координаттар40°59′55″ с. ш. 72°47′09″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1900
Борборунун бийиктиги720 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы2574 [1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор
Кайырма, Базар-Коргон району (Кыргызстан)

КайырмаКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Акман айыл аймагынын курамына кирет. Ош Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 23 км. Кыштак 1900-ж. негизделген.

Калкы - 2574 киши (2023-жылы)[1]; негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо, мечит бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштак чоң жолдун имерилишинен орун алгандыктан, «Кайырма» аталып калган.