Мазмунга өтүү

Арстанбап

Арсланбоб‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Арстанбап
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Район Базар-Коргон району
Координаттар 41°20′ с. ш. 72°56′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1870
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 15 509[1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор
Арстанбап (Кыргызстан)

АрстанбапКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Арстанбап айыл аймагына кирет.

Арстанбаб-Кыргызстанда Базар-Коргон районундагы курорт жайы. Абасы кычкылтекке бай, 1945-жылдан тартып мамлекеттин коругу болуп саналат. 265 миң гектар жерди дарак ээлейт.Орто эсеп менен жылына үч миң тонна жаңгак, беш миң тонна алма, беш жүз тонна мисте жана башка миваkар жыйнап алынат

Кыштак 1870-жылына чейин негизделген. Калкы 15 509 (2023-жылы)[1]; негизинен токойчулукта эмгектенишет.

Орто мектеп, китепкана, клуб, фельдшер-акушердик пункт, амбулатория, Арстанбапка жакын пионер лагерлери бар. Арстанбап табигый кооз аймакта (жапайы жаңгак-жемиш токоюнда) жайгашкан. Кыштактын жанында Арстанбап суусунун сол жээгинде 16—18 кылымдарга таандык күмбөз бар.

Күмбөз узун терт бурчтук түрүндө курулган. Адеп тургузулганда үстү түндүк формасында жабылган болуу керек, бирок кийин ал урап калгандыктан жерг. эл чатырлап жабышкан. Дубалдарына өсүмдүк жалбырактарынын, бутактарынын сүрөттөрү ж.б. оймо-чиймелер түшүрүлгөн.

Төрт бурчунда кооздолгон тирөөчтөр бар, эшигинин үстү үч бурчтуу, арка түрүндө жасалган.

Күмбөздүн туурасы 5,7 м, уз. 9,9 м. Арстанбап күмбөзү Орто Азия элдеринин байыркы кол өнөрүн үйрөнүүдө кызыктуу архит. эстелик болуп эсептелет. Жылына миңдеген турист жана эс алуучу келет.

Жалал-Абад ш. менен автомобиль жолу аркылуу катташат. Арстанбап топоними адабияттарда, карталарда көбүнчө Арсланбоб, кээде Арысланбоб, Асланбоб түрүндө кезигет.

VI-XII–кылымдарда Каралыг, Каргалыг, Кара Балыг, Куз Балыг, Куз Ордо, Куз Улуш жана башка намдар менен аталган. Азыркы күндөгү Арсланбоб айылы 739-1212-жылдары Орто Азияда 500 жылга жакын өкүм жургузгон Караханийлар сулаласынын жогорку борбору болуп кызмат кылган. Акыры Баласагун деген атка ээ болгон бул шаар 1300-жылдарга келип тарых китептеринде эске алынбай калган.

«Бахрул-Асрор» тарых китебинин жазуучусу XII-кылымда «Баласагун» шаарында 40 та жаме мечети, 200 та мечет, 20 та ханаках болгонун жазып калдырган.

Сөөгү ушул жерге коюлган биринчи Арслан (Кара) Каган болгон Арсланбоб Атанын атынан келип чыгып «Арсланбоб» айылы деп аталат.

Азыркы мезгилде Арсланбоб айылынын тегерегинен табылган тыйындар (акчалар), археологиялык табылгалар жана башка буюмдар Турк Каганатына (552-739), Караханийлар Каганатына (739-1212) жана Чынгыз хандарыга (1224-1370) тиешелуу болгондугу менен жогорудагы каганаттардын санжыралардан жана көптөгөн тарых китептеринен алынган маалыматтарды далилдейт.