Мисте

Википедия дан

Мисте (Pistacia) – өсүмдүктөрдүн сумахтар тукумундагы мистелер уруусу; жалбырагы күбүлмө дарак жана бадал. Жапайы мистенин Сирия менен Кичи Азияда 20 түрү, Орто Азияда 1 түрү -кадимки мисте жана Азербайжанда 2 түрү – кадимки мисте менен тегерек жалбырактуу мисте өсөт. Кадимки мисте(Pistacia vera L.) – көп сөңгөктүү (бийиктиги 5–10 м) дарак, айрымдары калың шактуу, жыш тамырлуу бадал. Кыргызстандын түштүгүндө 50 миң гадай жерди ээлейт. Кургакчылыкка жана суукка (–25°С) чыдамдуу. Жалбырагы татаал, кабыктуу, гүлү айрым (бир) жыныстуу, чачы сымал, эки үйлүү өсүмдүк; апрелде гүлдөйт. Мөмөсү бир данектүү, кабыгы катуу. Айрымдары 350–400 жыл мөмөлөйт. Данегинин маңызы жашыл түстө жана анда 54–60% май, 18–25% белок жана 16,7% азотсуз зат болот. Данеги (маңызы) желет жана андан кондитер өндүрүшүндө керектелүүчү баалуу май алынат. Чайырынан лак, боёк жасалат. 8–10 жылдык бир түп дарагынан 30–45 кг түшүм алынат. Мисте өстөрүүчү негизги мамлекеттер: Иран, Турция, Америка Кошмо Штаттары, Греция, Сирия, Тунис ж..б.. Тегерек жалбырактуу мисте – бийиктиги 10–20 м дарак, Кичи Азияда, Балкан жарым аралында, КМШ өлкөлөрүндө – Крым менен Кавказда өсөт. Мөмөсү желбейт, анда 60% май (самын жасоодо пайдаланылат) болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]