Мазмунга өтүү

Катар-Жаңгак (Базар-Коргон району, Кызыл-Үңкүр айыл аймагы)

Айыл
Катар-Жаңгак
Өлкө Кыргызстан
Облус Жалал-Абад облусу
Район Базар-коргон району
Координаттар 41°22′48″ с. ш. 73°03′39″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 986[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Катар-Жаңгак (Базар-Коргон району, Кызыл-Үңкүр айыл аймагы) (Кыргызстан)

Катар-ЖаңгакКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Кызыл-Үнкүр айыл аймагына кирет.

«Кызыл-Үңкүр» токой чарбасынын аймагында, Кара-Үңкүр суусунун оң жээгиндеги жапайы жаңгак-жемиш токоюнун арасында, деңиз деңгээлинен 1080 м бийиктикте жайгашкан. Райондун административдик борбору — Базар-Коргон айылынан 62 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 95 км аралыгында. Кыштакка жакын балдар эс алуучу жайлар – «Медик», «Алтын-Булак» лагерлери, «Кара-Булак» турбазасы жайгашкан.

Кыштак 1932-жылы негизделген.

Калкы — 986 киши (2009-жылы)[1]. Негизинен токойчулукта жана аарычылыкта эмгектенет.