Базар-Коргон
Шаар
Базар-Коргон 220px
|
Базар-Коргон — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы шаар[3].
Карүңкүр суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте, Бишкек Ош автомобиль жолунун жээгинде жайгашкан.
Облустун борбору жана темиржол бекети Жалал-Абад шаарынан 33 км батыш тарапта.
1950-жылы негизделген. Калкы 27,8 миң (2002). Кыштакта 2 технкалык сервис, 3 пахта, май, нан, тамеки заводдору, лимонад чыгаруучу цех, жыгаччылык, кийим тигүү ишканалары, медресе, 2 базар, ашкана, чайкана, кафе, ресторан иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 7 орто, музыкалык, спорт мектептери, 3 маданият үйү, 6 балабакча, китепкана, сүт азык ашканасы, борборлоштурулган оорукана, 2 бейтапкана, 2 мечит, автобекет, 2 почта, байланыш бөлүмү жана башка бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалдык Эмгек Баатыры А. Худайбердиев туулган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2021-жылы мурдагы Базар-Коргон айыл аймагынын (Базар-Коргон, Беш-Бадам, Жети-Кошкон, Көк-Алма айылдарынан турган[4]), Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын жана Кеңеш айыл аймагынын Аук, Совет айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштардын негизинде Базар-Коргон шаары түзүлгөн[5][6].
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]33 359 [7] (2009)
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Базар-Коргон шаарына жаңы мэр дайындалды
- ↑ Численность населения областей, районов, городов, посёлков городского типа, айылных аймаков и айылов (сёл) Кыргызской Республики (2022) (орусча) (XLS). Национальный статистический комитет Кыргызской Республики (2022).
- ↑ http://www.president.kg/sys/media/download/101310/
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны.
- ↑ http://www.president.kg/sys/media/download/101310/
- ↑ https://serep.kg/kabarlar/koom/bazar-korgon-raionunda-bazar-korgon-shaary-tyzylot/
- ↑ Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. С. 322
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
Борбор шаары | Базар-Коргон |
---|---|
Акман айыл аймагы | Жаңы-Акман • Жараке • Кайырма • Колот • Коргон-Жар • Кош-Коргон • Таш-Булак |
Арстанбап айыл аймагы | Арсланбоб • Ак-Терек • Бел-Терек • Гава • Гүмкана • Дашман • Жай-Терек • Жарадар |
Бешик-Жон айыл аймагы | Бешик-Жон • Баймундуз • Жон • Карача • Көк-Алма |
Кеңеш айыл аймагы | Аук • Кара-Жыгач • Коткор • Кызыл-Октябрь • Могол-Коргон • Биринчи Май • Сейитказы • Шыдыр |
Кызыл-Үңкүр айыл аймагы | Кызыл-Үңкүр • Ак-Булак • Жаз-Кечүү • Катар-Жаңгак • Көсө-Терек |
Могол айыл аймагы | Оогон-Талаа • Бувакол • Кайнар • Кара-Ой • Кызыл-Суу • Көктоңду • Чарбак • Чкалов |
Сайдыкум айыл аймагы | Сайдыкум • Аркалык • Дукур • Жаңы-Абад • Жаш-Ленин • Кызыл-Ай • Кыргыз-Каба • Тойчубек-Чек • Төш • Турпак-Коргон • Хажир-Абад • Чек • Чоң-Курулуш |
Талдуу-Булак айыл аймагы | Каба • Ак-Терек • Ак-Тыт • Катар-Жаңгак • Көк-Алма • Кыргоо • Сары-Жайык • Үч-Булак |
Кыргызстандагы шаарлар | ||
---|---|---|
Борбор | Бишкек | |
Мамлекеттик деңгээлдеги шаарлар | Бишкек • Ош | |
Облустук деңгээлдеги шаарлар | Балыкчы • Баткен • Жалал-Абад • Каракол • Кара-Көл • Кызыл-Кыя • Майлуу-Суу • Нарын • Сүлүктү • Талас • Таш-Көмүр • Токмок | |
Райондук деңгээлдеги шаарлар | Айдаркен • Базар-Коргон • Кадамжай • Кайыңды • Кант • Кара-Балта • Кара-Суу • Кемин • Кербен • Көк-Жаңгак • Кочкор-Ата • Ноокат • Орловка • Өзгөн • Раззаков • Токтогул • Чолпон-Ата • Шамалды-Сай • Шопоков | |
Курулуп жаткан шаарлар | Асман | |
Мурдагы шаарлар | Ак-Суу |