Шопоков
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Чүй облусу |
If: |
Сокулук району |
Тарыхы жана Географиясы | |
Бийиктиктиги |
740 |
Калкы | |
Калкынын саны |
8700 (2009) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Телефон коду |
+996 3134 |
Шопок — Сокулук районундагы шаар (1985-жылга чейин Краснооктябрский шаарчасы). Райондун борбору Сокулук кыштагынан 5 км, өлкөнүн борбору Бишкек шаарынан 20 км, «Манас» аэропортунан 45 км, облустун борбору Токмоктон 80 км аралыкта, деңиз деңг. 760 м бийиктикте, Бишкек–Тараз (Казакстан) – Ташкент (Өзбекстан) автомобиль жолунун жана Чалдыбар–Кара-балта–Бишкек–Балыкчы темир жолунун боюнда жайгашкан. Шаардын борбору (Шопоков) темир жолунан бекетинен 4 км аралыкта. Аянты 529,9 га. Калкы 8,9 миң (2002) жана райондук борбор көп улуттуу: кыргыздар, орустар, украиндер жана башка.Шаарда «Кыргызторгмаш» жабык типтеги акционердик коому (ЖТАК),«Кошой» АК, «Шопоков Дан-азык», «Эмгекчил» АК, «Ала-Тоо», «Тотонсүт» жоопкерчилиги чектелген коомдор жана башкалар. 10го жакын ишканасы, 3 кичи тегирмен бар. Шаарда кесиптик лицей, 2 орто мектеп гимназия, бейтапкана, 2 оорукана, 3 дарыкана, 3 мончо, 2 клуб, китепкана, музей бар. Шаар, Москваны коргогон 28 Панфиловчу жоокерлердин бири, ушул жердин кулуну Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун ысымынан аталган.
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз улуттук энциклопедиясы.