Жон, Базар-Коргон району

Википедия дан

Жон, Базар-Коргон району - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Бешик-Жон айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 785 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 8 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1917-жылы негизделген. Калкы 1394 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]