Көктоңду
Көктоңду[1] — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы айыл. Могол айыл аймагына караштуу. Ачы токой чарбасынын аймагында. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон — Арстанбап жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1040 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 32 км түндүк тарапта. Облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 65 км аралыкта. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 3125 (2007); негизинен токойчулукта, дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана жана фельдшердик акушердик пункт барКөк-Тонду айылы Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан.Кыштакта кыргыз телекөрсөтүүсүн негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Республикасынын эл артисти Б. Каипов туулган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9