Мазмунга өтүү

Каба

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Каба
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонБазар-Коргон району
Координаттар41°09′23″ с. ш. 72°53′02″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги1220 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы1598[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Каба (Кыргызстан)

КабаКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районундагы айыл. Талды-Булак айыл аймагына кирет. Кара-Үңкүр суусунун оң өйүзүндө, Базар-Коргон — Арстанбап жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1220 м бийикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Базар-Коргон айылынан 23 км түндүк тарапта. Жалал-Абад темир жолбекетинен 55 км.

Калкы — 1598 (2009-жылы)[1]; негизинен токойчулукта эмгектенип, дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, почта түйүнү, амбулатория бар. Тегирмендер, мончо, соода түйүндөрү турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кичи ишканалар иштейт.