Кара-Үңкүр суусу

Википедия дан

Кара-Үңкүр же Тентек-Сай суусуКара-Дарыянын оң куймасы, Базар-Коргон району аркылуу агат. Фергана тоо кыркасынын түштүк-батыш капталынан башталган Жазы-Кечүү жана Бабаш-Ата кырка тоосунан түшкөн Кызыл-Үңкүр сууларынын кошулушунан түзүлөт.

Узундугу 127 км, алабынын аянты 4130 км2. Төмөнкү агымында бир нече куймалары бар. Эң ири куймалары: Арстанбап, Гава-Сай, Шайдан-Сай, Алаш-Сай, Шаркыратма. Алабында жапайы жаңгак-мөмөжемиш токойлуу табигый кооз аймактар – Кызыл-Үңкүр өрөөнү жана Арстанбап өрөөнү жайгашкан. Чарбак кыштагы туштагы жылдык орточо чыгымы 29,6 м3/сек; эң көбү 85,7 м3/сек (май), эң азы 9,64 м3/сек (январь). Негизги куймалары: Арстанбап, Шайдан-Сай, Кызыл-Үңкүр, Жаз-Кечүү жана башка Суусун толук пайдалануу үчүн Базар-Коргон суу сактагычы (көлөмү 22 млн м3) курулган. Сугатка пайдаланылат.

Жээгинен Кызыл-Үңкүр, Ооган-Талаа, Ак-Булак, Арстанбап, Чарбак, Абдураимов атындагы (Совет), База-Коргон жана башка кыштагы орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]