Гава-Сай

Википедия дан

Базар-Коргон районундагы суу. Кара-Үңкүрдүн оң куймасы.
Узундугу 26 км, алабынын аянты 137 км². Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800 м.
Бабаш-Ата тоосунун түштүк-батыш капталынан агып түшөт. Тоолу капчыгайдан өткөн жери Шарап деп аталат; ортоңку бөлүгүндө токойлуу өрөөн аркылуу агып, Кара-Үнкүргө куя берген жери куушураак келет.
Эки куймасы бар.
Жылдык орточо чыгымы 0,95 м³/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы январь – февралда байкалат.
Сугатка пайдаланылат.
Жээгинде Гава, Сөгөт, Сасык-Булак, Кыргыз-Гава ж.б. кыштактар жайгашкан.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.