Бабаш-Ата кырка тоосу
Бабаш-Ата кырка тоосу — Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш бөлүгү. Унтама, Алаш-Тоо, Ангырактоо массивдеринен турат. Батышынан Нарын дарыясы, чыгышынан Кара-Үңкүр суусунун алабы, түштүгүнөн Фергана өрөөнү менен чектешет. Орточо бийиктиги 3480 м, эң бийик жери — 4427 м, Вебер чокусу. Узундугу 70 км, туурасы 25 км. Түндүк-чыгыш бөлүгү түштүк-батышына салыштырмалуу бийик жана зоокалуу чокулары мөңгүлүү; түштүк-батыш жагы жапызыраак. Каптал беттери аскалуу, шагыл таштуу жана урандылуу. Тектоникалык түзүлүшү боюнча горст-моноклиналь. Палеозойдун сланец жана акиташ тектеринен түзүлгөн. Кышы узак жана суук, жайы салкын. Жылдык жаан-чачыны 500–800 мм.
Алаштоо массивиндеги кыркаларда саздар жана башаттар көп. Майлуу-Суу, Кара-Үңкүр, Кайынды жана башка дарыялар Бабаш-Атадан башталат.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кырка тоонун түштүк жана түштүк-чыгыш капталдарында төмөнкү ландшафт алкактары мүнөздүү:
- кургак талаа (800–1000 м),
- талаа жана шалбаалуу талаа (1000–1700 м),
- токой жана бийик чөптүү шалбаа (1700–2800 м),
- субальп (2800–3000 м),
- альп шалбаасы (3000–3500 м),
- гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору).
Түндүк-батыш капталдарында болсо төмөнкү алкактар кездешет:
- талаа (1000–1700 м),
- шалбаалуу талаа жана шалбаа (1700–3000 м),
- субальп жана альп шалбаасы (3000–3500 м),
- гляциалдык-нивалдык (3500 мден өйдө).
Аймакта алма, алча сыяктуу жапайы дарактар, ошондой эле жаңгак токою (Арстанбап, Кызыл-Үңкүр өрөөндөрүндө) жыш өсөт. Мал чарбачылыгы үчүн жайлуулугу менен өзгөчөлөнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы. Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |