Акиташ

Википедия дан

Акиташ – карбонат, тоо - тектерин жана борду бышыруудан алынган ак түстөгү зат.CaCO3 MgCO3 Тыгызд. 3,4 г/см3, эрүү t 2585оC. А. суудагы эритмеси акиташ суусу деп аталат. Ал щелочтук касиетке ээ. А. аба жана гидравликалык болуп айрымаланат. Аба А-ы карбонат тектерин (t 1000-1200оC) күйгүзүүдөн алынат. Негизинен CaO жана MgO турат. Курулуш ишинде, хим. өнөр жайларда (хлордуу А. жана соданы алууда), металлургияда, кант, тери иштетүүдө, айыл чарбасында, сууну тазалоодо жана башка кеңири колдонулат. Гидравликалык А. карбонат тектерин (t 900-1100оC) күйгүзүүдөн алынат. Курамы СaO, MgO, силикат, алюминат жана кальций ферратынан турат. Гидравликалык А. аба А-ына караганда техникалык касиети б-ча жаратылыштын ар кандай татаал шарттарына чыдамдуу келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]