Кызыл-Үңкүр өрөөнү

Википедия дан

Кызыл-Үңкүр өрөөнү — Түштүк Кыргызстандагы табигый кооз жер. Базар-Коргон районунун аймагында. Батышынан Бабаш-Ата, түндүгүнөн Исфан-Жайлоо жана Кең-Кол, чыгышынан Тогуз-Булак тоолору менен чектешет. узундугу 32 км, туурасы 16 км. Арстанбапка жанаша жатып, Базар-Коргон кыштагынан 55 км аралыкта. Деңиз деңгээли орточо бийиктиги 2905 м, эң бийик жери 3754 м (Айлампа чокусу), эң жапыз жери 1000 м. Түрдүү түстөгү чөкмө тоо тектерден (кумдук, акиташ теги жана башка) турган кокту-колоттуу бөксө тоолор 2100 мге чейинки аймакты ээлейт. Бийиктеген сайын мезозой-кайнозойдун кызыл, күңүрт-кызыл жана боз түстөгү чөкмөлөрү азайып, палеозойдун акиташ, кристаллдуу сланец тоо тектеринен турган аскалуу тоолор басымдуу.

Климаты мелүүн континенттик, жаан-чачындын таралуу режими боюнча жер ортолук деңиздик климатка окшош. Январдын орточо температурасы -4...-8°С, июлдуку 15-20°С. Жылдык жаан-чачыны 700-900мм, андан бийигирээк жерлеринде 1200 ммге чейин. Кышында кар калың түшөт. Өрөөндөгү суулардын башаттарында чакан мөңгүлөр (Ак-Коргон жана башка) бар. Суулары (Кара-Үңкүр, Күрөбөс, Күмүш, Шайдан жана башка) КараДарыянын алабына кирет. 1840 м бийикте жайгашкан Кеңкол көлү (аянты 0,1 км2) — Түштүк Кыргызстандагы кооз көлдөрдүн бири. Кооз ландшафттын мындай жыш өскөн жаңгак-жемиш токою — неоген мезгилинде жылуу субтропиктик климаттык шартта өсүп, ыңгайлуу орогр. жана климаттык шартка байланыштуу сакталып калган жазы жалбырактуу токой флорасынын өкүлү. Арстанбап, Кара-Алма, Сары-Челектеги токойлордон Кызыл-Үңкүр өрөөнү кооздугу менен өзгөчөлөнүп турат. Бул жер жаңгак-жемиш токоюнун өтө жыштыгы жана кеңири аянтты ээлегендиги менен айырмаланат. Анда жаңгактан башка алма, ал-мурут, бадам, өрүк, алча, карагат, айвансары, изирик, саскайың сыяктуу жапайы жемиш дарактары жана долоно, шилби, ит мурун, аса-муса, тал сыяктуу дарактар, бадалдар өсөт. Бийиктеген сайын жаңгак токою суюла баштап, 2100 мден өйдө жолукпайт. Андан жогору шалбаалуу карагай токою, субальп жана альп зоналары мүнөздүү. Кеңкол суусунун боюнда карагай токою бар. Кызыл-Үңкүр өрөөнү эс алууга жана туризмге ыңгайлуу. Кызыл-Үңкүр токой чарбасынан жаңгак, алма, алча жана башка мөмө жемиштер жыйналат. Өрөөндө Кызыл-Үңкүр, Ак-Булак, КатарЖаңгак кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]