Мазмунга өтүү

Базар-Коргон

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Базар-Коргон
220px
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонБазар-Коргон району
Координаттар41°02′06″ с. ш. 72°44′35″ в. д.HGЯO
МэрТемерлан Осмонов[1]
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленгенXIX кылым
Борборунун бийиктиги1 250 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тилиКыргыз тили
Калкы58136[2] адам (2022)
Диний курамыислам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996
Автоунаа коду04, D
Базар-Коргон (Кыргызстан)

Базар-КоргонКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы шаар[3].

Кар - Үңкүр суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте, Бишкек,Ош автомобиль жолунун жээгинде жайгашкан.

Облустун борбору жана темиржол бекети Жалал-Абад шаарынан 33 км батыш тарапта.

1950-жылы негизделген. Калкы 27,8 миң (2002). Кыштакта 2 техникалык сервис, 3 пахта, май, нан, тамеки заводдору, лимонад чыгаруучу цех, жыгаччылык, кийим тигүү ишканалары, медресе, 2 базар, ашкана, чайкана, кафе, ресторан иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 7 орто, музыкалык, спорт мектептери, 3 маданият үйү, 6 балабакча, китепкана, сүт азык ашканасы, борборлоштурулган оорукана, 2 бейтапкана, 2 мечит, автобекет, 2 почта, байланыш бөлүмү жана башка бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Социалдык Эмгек Баатыры А. Худайбердиев туулган.

2021-жылы мурдагы Базар-Коргон айыл аймагынын (Базар-Коргон, Беш-Бадам, Жети-Кошкон, Көк-Алма айылдарынан турган[4]), Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын жана Кеңеш айыл аймагынын Аук, Совет айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштардын негизинде Базар-Коргон шаары түзүлгөн[5][6].

33 359 [7] (2009)

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]