Мазмунга өтүү

Кочкор-Ата

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Кочкор-Ата
Өлкө[[ Кыргызстан]]
Облус[[ Жалал-Абад облусу]]
Координаттар41°02′09″ с. ш. 72°28′53″ в. д.HGЯO
МэрНарматов Азамат Жумаевич [1].
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1952
Биринчи белгиленген1952
Мурунку аталышыНовостройка
Аянты4,85 км²
Борборунун бийиктиги618 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тилиКыргыз тили
Калкы18 289

[2] адам (2023)

Улуттук курамыКыргыз
Диний курамыИслам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996 (3734)
Почта индекси715622
Автоунаа кодуD,04

Кочкор-АтаКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы шаар.

ААББТ коду — 41703 215 600 01 0[3].

Калкы ― 18 289 (2023).

Кочкор-Ата шаары "Кыргызмунайгаз" кендерин казып алууга байланыштуу 1952-жылы курула баштаган, алгач «Новостройка» деп аталган. 1953—2003-жылдары шаарча; 2003-жылдын 1-июнунан тарта райондук деңгээлдеги шаар. 2003-жылы Аскар Акаевдин ― Кыргызстандын мурдагы президентинин катышуусу менен шаар макамы берилген.

Шаардын жалпы аянты 485 га[4]. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, Бишкек—Ош автоунаа жолунун боюнда деңиз деңгээлинен 618 м бийиктикте жайгашкан. Ноокен районунун борбору Масы айылынан 13 км батыш тарапта, темир жол бекетинен жана облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 56 км. Өзбекстандын чек арасынан 16 км алыстыкта.

Экономикасы жана инфратүзүмү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаарга жакын жерден мунайгаз казып алынат, «Кыргызмунайгаз», «Кыргызгеофизика» (мунай-газ кендерин чалгындоо иштерин жүргүзөт). Пластмасса буюмдар, май зоводдору, «Кочкор-Ата» айыл курулуш, «Керамика» (кыш жана башка курулуш материалдарын чыгарат) акционердик коомдору иштейт. колледж, кесиптик-тех. окуу жайы, 4 орто мектеп, гимназия, маданият үйү, 1000 номерлүү байланыш бөлүмчөсү, оорукана, балдар консультациясы, ден соолукту калыбына келтирүүчү облустук оорукана, сквер, спорттук комплекс, стадион, чайкана, кафе, ресторан бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

жылы197019791989199920092017202020212023
адам. 11825 12460 16149 16104 14814[5] 16200[6]. 17177[7] 17476 18289[8]
  1. Sputnik. Алтынбек Жумаев Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп шайланды. www.sputnik.kg. Текшерилген күнү 7 Апрель 2022.
  2. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.
  3. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
  4. Association of towns of Kyrgyz Republic. Kochkor-Ata (орусча). Текшерилген күнү 7 Апрель 2022. Түп булактан архивделген күнү 2 -май (бугу) 2008.
  5. 2009 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  6. 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаар тибиндеги кыштактарынын калкынын саны, Численность населения Кыргызской Республики на 1 января 2017 года
  7. 2020 калкты каттоо. Жалал-Абад облусу. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
  8. Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны (2023-жылдын башына карата). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети.