Мазмунга өтүү

Масы

Отурукташкан жай
Масагаты
Өлкө [[ Кыргызстан]]
Облус Жалал-Абад облусу
Район Ноокен району
Координаттар 41°03′53″ с. ш. 72°38′05″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги 750 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 20 137 [1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор

Масы (1937–91-жылдары Ленин-Жол аталган) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы айыл. Ноокен районунун жана Масы айыл аймагынын борбору. Эски-Масы суусунун боюнда, Ош – Бишкек автомобиль жолунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Областтын борбору жана темир жол станциясы Жалал-Абад шаарынан 45 км аралыкта. Тентек-Сай темир жол бекетинин (Өзбекстан) 20 км. Кыштакта Ноокен районунун дээрлик бүт мекеме-ишканалары орун алган. Андан сырткары нан заводу, ашкана-чайканалар, ресторандар, сауна-мончо, 13 тегирмен, 4 май жуаз, 2 ак жуаз, фирма жана базар иштейт. Төрт орто жана музыкалык мектеп, китепканалар, 6 бала бакча, балдардын билим берүү борбору, музей, маданият үйү, кинотеатр, 3 клуб, борборлоштурулган райондук оорукана, санитария-эпидемиялык станция, борборлоштурулган дарыкана, дары-дармек сатуучу жеке менчик ишкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 2 эстелик тургузулган.

Калкы - 20137 киши (2023)[1]; негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.