Мазмунга өтүү

Шамалды-Сай

Википедия — ачык энциклопедия
Шаар
Шамалды-Сай
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонНоокен району
Координаттар41°11′50″ с. ш. 72°10′49″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1957
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тилиКыргыз тили
Калкы12308[1] адам (2021)
Жыштыгы580 адам/км²
Улуттук курамыКыргыздар, Орустар, Өзбектер
Диний курамыИслам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996
Автоунаа коду04, D
Шамалды-Сай (Кыргызстан)

Шамалды-Сай же Шамалдуу-СайКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы шаар.

ААББТ коду — 41703 420 520 01 0[2].

Шамалды-Сай шаарчасы 1957-жылы аймакта Үч-Коргон ГЭСи курулуп жатканда шаар тибиндеги поселок катары түптөлгөн. Ошол учурдан тартып Таш-Көмүр шаарынын карамагында турат. 2009-жылы шаар тибиндеги поселок статусу жоюлуп, шаарчалык өкмөт болуп өзгөртүлгөн.

2017-жылдын башында Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамга ылайык шаар ичинде шаарчанын жайгашуусу мыйзамга каршы келерин билдирип, шаарча макамын алууну сунушташкан[3]. 2017-жылы 25-мартта Шамалды-Сай шаарчасында 200гө жакын жашоочу катышкан жыйын өтүп, анда айыл макамын берүүгө каршылык көрсөтүшкөн. Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Өмүрбек Бабатаев элдин талабы орундуу деп эсептеген. 2024-жылы Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгарылып, Ноокен районуна кошулган.

Таш-Көмүр шаарынан 20 км түш. тарапта, Нарын дарыясынын боюнан орун алган. Калкы 12790 (2002). Жалпы аянты 2293 га. Карамагына «Теңдик» коомдук комитети (мурдагы «Ташкөмүр» совхозу да кирет (2002).

Шамалды-Сайда 4 өнөр жай ишканасы, бир курулуш мекемеси, 3 транспорт жана байланыш ишканасы бар. Электр энергиясын, металл кон-струкцияларын, сүт азыктарын, темир-бетон, жыгач буюмдарын, кислород, асфальт-бетон жана башка элге керектөөчү товарларды чыгарган КГСК, «Үчкоргон ГЭСи», «Жеразык» акционердик коомдору, «Сүт» менчик ишканасы, №2 АТПО, Шамалды-Сай ГЭСи ишканалары бар. 6 окуу жайы анын ичинде 3 кесиптик лицей, 4 медициналык мекеме, 5 маданий агартуу мекемеси иштейт[4].

жылы1959[5]1970[6]1979[7]1989[8]20092011201920202021[1]
адам. 4511 5538 6103 8813 9550 9800 11746 12047 12308