Шамалды-Сай ГЭСи
| Шамалды-Сай ГЭСи | |
| | |
| Өлкө | |
|---|---|
| Жайгашкан жери | |
| Дарыя | |
| Менчик ээси |
«Электр станциялар» ААК |
| Макамы |
иш үстүндө |
| Курулуп башталган жылы | |
| Агрегаттарды ишке берүү жылдары | |
| Ишке берилген | |
| Иштеткен мекеме |
«Электр станциялар» ААК |
| Негизги мүнөздөмөсү | |
| Жылдык электр энергиясын өндүрүү |
900 млн кВт/саат |
| Эсептелген кысымы, м |
26 |
| Электр кубаттуулугу, МВт |
240 |
| Жабдуулардын мүнөздөмөсү | |
| Турбиналардын саны жана маркасы |
3×ПЛ 40/587а-В-680 |
| Турбиналар аркылуу агымдын чыгымы, м³/с |
3×345 |
| Генераторлордун саны жана маркасы |
3×СВ-1210/122-60 УХЛ4 |
| Генераторлордун кубаттулугу МВт |
3×80 |
| Негизги курулуштары | |
| Дамбанын бийиктиги, м |
37 |
| Дамбанын узундугу, м |
250 |
| Бөлүштүрмө түзмөгү |
110 кВ, 220 кВ |
| Кошумча маалыматтар | |
| Сайт |
www.energo-es.kg |
Шамалды-Сай ГЭСи | |
Шамалды-Сай ГЭСи — Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаары менен Шамалды-Сай айылынын ортосунда, Нарын дарыясында жайгашкан гидроэлектростанция. Нарын-Сырдарыя ГЭСтер каскадынын курамына кирет.
Жалпы маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Долбоорун ”Гидропроект” институту түзгөн. Станциянын орнотулган кубатуулугу 240 МВт, ал эми элект энергиясын өндүрүүнүн долбоордук орточо жылдык көлөмү 900 млн кВт·саатты түзөт.
Суу электр станциясы 3 агрегаттан турат. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 80МВт. Биринчи агрегаты 1992-жылы, экинчиси 1994-жылы, үчүнчүсү 1996-жылы ишке киргшизилген. Суу сактагычынын жалпы көлөмү 40,87 млн.метр, пайдалуу көлөмү 5,47 млн. Электр энергия өндүрүүсүнүн жылдык орточо көлөмү 900млн. КВт саат. Пайдаланууга берилгенден 2000-жылга чейин 3,75 млрд саат электр энергиясын өндүгргөн.
ГЭСтин басым түзүүчү курулмалары аянты 2,4 км² болгон чакан суу сактагычты түзөт. Суу сактагычтын жалпы көлөмү 40,87 млн м³, ал эми пайдалуу көлөмү 5,47 млн м³ түзөт. Бул көрсөткүчтөр дарыянын агымын жумалык негизде жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Суу сактагычтын кормалдуу кармоо деңгээли деңгээлинен 572 м бийиктикте, ал эми өлүк көлөмүнүн деңгээли 569,9 м бийиктикте жайгашкан.[1]
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2