Мазмунга өтүү

Сүлүктү

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Сүлүктү
Герб
Герб
ӨлкөКыргызстан
Координаттар39°56′ с. ш. 69°34′ в. д.HGЯO
МэрАбдыжапаров Болот Шаршеналиевич
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1868
Аянты17,33 км²
Климатынын түрүкескин континенталдуу
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тиликыргыз тили
Калкы20 725 адам (2009-жыл)
Улуттук курамыкыргыздар, өзбектер, татарлар, орустар
Диний курамыислам, христиан,
Сандык идентификаторлор
Сүлүктү (Кыргызстан)

СүлүктүКыргызстандын түштүгүндөгү Баткен облусуна караштуу шаар. Кыргызстанда көмүр казган ири шаарлардын бири.

Сүлүктү шаары Түркстан тоо кыркасынын түндүк (тескей) тарабында дениз денгээлинен 1380 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Баткен облусунун борбору Баткен шаарынан 150 чакырымдай батышыраакта жайгашкан. Кыргызстандын ордо шаары Бишкектен 950 чакырымдай түштүк-батышта орун алган.

Шаар Сүлүктү темир жол тармагына кошулган. Ал Тажикстандын Пролетарск бекетине да жалгашат. Бул темир жолунун 9 чакырымдайы Тажикстандын аймагында, ал эми калган 38 чакырымы Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Сүлүктү шаарынын аймагында үч бекет (Товардык, Макаевка, Чыгыш - Восточная) жайгашкан. Азыркы күнд бул темир жол тармагы иштебейт.

Сүлүктү шаарынын климаты мелүүн келет. Кышкы мезгили анча узак эмес, жаз жана күз мезгилдери акыркы он жылда жаанчыл болуп калды, ал эми жайкы мезгил болсо - кургак жана ысык.

Сүлүктү шаарынын жетекчилиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүлүктү шаарынын азыркы учурда мэр - Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич 2023-жылдан тарта

Кыскача тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүлүктү тургун жай катары байыркы доордо эле негизделген. 1940-жылы шаар макамын алган. 1918-жылы Совет бийлиги орнотулган. 1999-жылдан тартып Кыргызстандын Баткен облусуна карайт, ага чейин Кыргызстандын Ош облусуна карап келген.

Сүлүктү аймагы эзелтеден көмүр казуу жайы катары маалым. Ал эми 1868-жылдан тартып көмүр кеңири масштабда өндүрүлө баштаган.

2009-жылга карата Сүлүктү шаарында 20, 7 миң тургун жашайт.[1] Калк саны ага чейин (Совет доорунда) алда канча көп болчу. Негизги калк - кыргыздар жана өзбектер. Алардан тышкары орустар, тажиктер, татарлар, айрым кавказдык этностор, украиндер, сыгандар, лөлүлөр, немистер жана башка этностордун өкүлдөрү.