Мазмунга өтүү

Асман (шаар)

Эко-шаар[1]
Асман
Өлкө Кыргызстан
Облус Ысык-Көл облусу
Район Ысык-Көл району
Координаттар 42°31′01″ с. ш. 76°22′34″ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 9 аймак
Курулуш боюнча башкы мүдүр Руслан Акматалиев[2]
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 2023
Биринчи белгиленген июль, 2021
Аянты 40 км² км²
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы Пландалган калк:
500 000—700 000 адам (2035)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Автоунаа коду 09
Асман (шаар) (Кыргызстан)

АсманКыргызстандын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда курулуп жаткан шаар[3] . Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Тору-Айгыр айылынын батышында, Балыкчы шаарынан 15 км чыгышта жайгашат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эко-шаардын жана «Асман» шаар долбоорунун расмий бет ачары 2021-жылдын июль айынын башында болгон. Долбоорго ылайык, шаар Ысык-Көлдүн жээгинен 4 миң гектар жерге курулат. Чымчык учуучу аралыктан караганда, шаар кыргыздардын улуттук музыкалык аспабы – комузга окшош болушу керек. Шаардын долбоорун ишке ашыруунун болжолдуу мөөнөтү 7-10 жылды түзөт[1].

Садыр Жапаров 2023-жылы жайында шаар курууга капсула салган. 2024-жылдын 25-майында Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында эко-шаардын курулушу 2024-жылдын 4-июнунда башталганын билдирген[4].

Идеясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эко-шаардын авторлорунун концепциясына ылайык, шаар Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борборуна айланууга багытталган. Шаарда алдыңкы билим берүү түзүмүн киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоо жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды жайгаштыруу, ошондой эле каржы-насыялык мекемелердин болушу ж.б.у.с.

Ички бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаар 9 бөлүнөт (план боюнча)[5]:

  1. Резиденциялар
  2. VIP
  3. Билим жана илим
  4. Медициналык борбор
  5. Жашоо сектору
  6. Коомдук жана бизнес аймагы
  7. Өнөр жай
  8. Спорт аянтчасы
  9. Туристтик аймак

Инфратүзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эко-шаардын инфратүзүмү университеттерден, колледждерден, мектептерден, бала бакчалардан, банктардан жана каржы институттарынан, бизнес борборлордон, соода жана оюн-зоок борборлорунан, ресторандардан, парктардан, клиникалардан, ооруканалардан, акылдуу үйлөрдөн, заводдордон, фабрикалардан, өнөр жайлардан, ж.б.у.с., ошондой эле экологиялык жактан таза электр транспортунун эсебинен уулуу автотранспорттун чыгышы азаят, ал үчүн шаар боюнча заряддоочу түзүлүштөр орнотулат.

Логистикалык хаб[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Долбоордо узундугу 35 чакырымга жакын Балыкчы-Тамчы темир жолун куруу каралган. Тамчы аэропортунан Асман шаарына чейинки аралык 12 чакырымды түзөт.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын бийлиги шаарды курууга 20 миллиард АКШ доллары сарпталат деп эсептеген[6]. Шаардын инвесторлорунун бири судандык миллиардер Алаелдин Хусейн Ахмед Ибрагим[7], 2022-жылы декабрда Кыргызстанга келип, инвестицияны талкуулаган[7].

Долбоордун биринчи инвестору Кореянын Promise Land компаниясы, ал чындап эле келечектеги шаарларды жана эко-шаарларды курууга адистешкен, компания буга чейин бир нече долбоорлорду ишке ашырган[8]. Подрядчиктердин бири Балыкчы шаарында катталган кыргызстандык «Модул Хаус» компаниясы. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев курулуштарды жалгыз “Экспресс-Строй KG” компаниясы кура турганын, анын жетекчиси Кочкорбек Жуманазаров экенин билдирген. К. Жуманазаров дагы бир нече ЖЧКны жетектейт: Чок-Тал Сити, Евро Слиперс, KZH Global Company, KZH Invest Company.

Курулуш дирекциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын 13-апрелинде Тимур Файзиев экологиялык жактан таза Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы кызматынан алынган[9].

2022-жылдын 13-апрелинде Руслан Акматалиев “Экологиялык таза Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция” мекемесинин башкы мүдүрү болуп дайындалган.

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон[10].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Кыргызстан: Асман - город будущего или иллюзий? - CABAR.asia
  2. https://www.gov.kg/ru/post/s/21841-glava-kabmina-akylbek-zhaparov-prinyal-uchastie-v-zasedanii-rabochey-komissii-po-rassmotreniyu-kontseptsii-ekologicheski-chistogo-goroda-asman
  3. Kyrgyzstan’s $20 Billion 'Eco-City' Project Draws Ire for Greenwashing
  4. Садыр Жапаров заявил, что примерно через десять дней начнется строительство города Асмана
  5. В ближайшее время начнется строительство эко-города Асман на Иссык-Куле — Булак
  6. Асман — город Будущего? " Белый Парус
  7. Миллиардер из Судана едет в Кыргызстан, чтобы обсудить строительство экогорода Асман — Булак
  8. Город Асман. Что известно о кыргызской компании, задействованной в проекте " Экономика " www.24.kg — КЫРГЫЗСТАН
  9. Строительство Асмана. Тимур Файзиев прокомментировал свое отстранение от проекта " Общество " www.24.kg — КЫРГЫЗСТАН
  10. https://www.gov.kg/index.php/ru/post/s/21183-akmataliev-ruslan-asman-ekologiyalyk-taza-shaaryn-kuruu-boyuncha-mamlekettik-direktsiyanyn-bashky-direktoru-bolup-dayyndaldy

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]