Чолпон-Ата

Шаар
Чолпон Ата
Герб
Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Ысык-Көл областы
Район Ысык-Көл (район)
Координаттар 42°39′ с. ш. 77°05′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген 1922
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили кыргыз тили
Калкы 14 237 адам (2021-жыл)
Жыштыгы 9,73 адам/км²
Улуттук курамы кыргыздар, орустар, украин, татарлар, казактар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, тажиктер
Диний курамы ислам, христиан, атеистер
Этнохороним чолпонаталыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Почта индекси 722100
Расмий сайты шилтеме
Калып:Ref-кыргыз Калып:Ref-орус Калып:Ref-англис
Чолпон-Ата (Кыргызстан)

Чолпон-АтаЫсык-Көл облусундагы курорттук шаар. Ысык-Көл районунун административдик борбору. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде жайгашкан. Бишкек шаарынан 240 км, облустун борбору Каракол шаарынан 135 км. аралыкта жайгашкан. Батышынан Кара-Ой айылы, чыгышынан Бостери айылы менен чектешет. Чолпон-Ата шаары Ысык-Көлдүн жээгинде, Күӊгөй Ала-Тоо тоо кыркасынын шлейфинде жайгашкан.

Чолпон-Ата шаарынын аты 1975-жылы 4- ноябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин Президиумунун №217 Указы менен облусттук маанидеги шаар статусу ыйгарылган.1993-жылы статусу райондук маанидеги шаарга алмаштырылган. 1998-жылы 23-июндан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин №292 Указы менен Чолпон-Ата шаары жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөн. Шаардын жалпы аянты 1731га-1223га ны ээлейт. Калкы көп улуттуу: кыргыздар жана орустар жалпы калктын санынын 88,2 % түзөт, мындан тышкары украиндер, татарлар, казактар, өзбектер, уйгурлар, дунгандар, тажиктер ж.б. улуттун өкүлдөрү жашайт. Калктын жыштыгы салыштырмалуу төмөн (1га=9,73адам).

Чолпон-Ата тууралуу уламыш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы Чолпон-Ата шаары турган жерде бир кедей адам жашаган экен. Ал байдын малын багып оокат кылуучу дейт. Көпкө чейин балалуу болбой, жашы улгайып бара жатканда бир кыздуу болот. Ал абдан сулуу, эстүү болуп бой тартат. Кызы чоңоюп келе жатканда, апасы дүйнөдөн көзү өтөт. Абышка менен кызы катуу кайгырат, бирок айла жок, тиричилик өтө берет, кызы Чолпон экөө тең күн өткөрүп оокат кечирет. Күндөрдүн биринде ошол тегеректеги бай адам Чолпондун сулуулугуна, акылдуулугуна суктанып, бой тартып келе жаткан кызга куда түшөт. Атасы да ага каршы болбойт. Кыязы, жетишпеген жашоодон өзү да кыйналса керек, кызым кыйналбаса деп ойлогон го. Кызы ары айтып, бери айтып, анан калса, жашы өтүп калган адамга баргысы келбегенин түшүндүрсө, атасы көшөрүп болбой коет. Ошентип, ата-баланын ортосу сууй түшөт. Күндөн-күн өтөт. Атасына түшүндүрө албаган кыз бир күнү атасы мал артынан кеткенде, тоого чыгып, көз жашын көлдөй төгүп, бул жашоодон аша кечип, тоодон боюн таштамакчы болот. Эңкейип секире берерде, ал ташка айланат да, калат. Кечинде атасы үйгө келсе кызынан дайын жок. Ана келет, мына келет менен бир топ убакыт өтөт. Айылдагылардан сураса, эртең менен тоого бет алганын айтышат. Атасы күйүгүп тоого чыкса, таш болуп катып калган Чолпон эңкейип турат. Картайганда көргөн кызынын абалын көргөн атасы сакалынан жаш агызып ыйлап турат. Же кемпири болбосо, кызынан тирүүлөй ажыраса, айласы куруган чал да секирип өлгүсү келет. Ошол учурда жалгыз кызынан ажыраган абышка да ташка айланат. Күн ачык турганда Чолпон-Ата шаарынын үстүндөгү тоонун кырында эңкейип турган кыз жана секирип келе жаткан сакалдуу адамдын элеси катып турат дейт. Байыркы заманда мына ушул жерди айылдагылар Чолпон жана атасынын элесинен Чолпон-Ата деп атаган экен.

Чолпон-Ата аска бетиндеги сүрөттөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чолпон-Ата шаарынын түндүгүндө жайгашкан коло доорунан орто кылымга чейинки археологиялык эстелик. Сүрөттөр чегилген таштар шаардын чет жакасынан Күнгөй Ала-Tоонун этегине чейинки аймакта кездешет. Буканын, иттин, жолборстун, камандын, жаачылардын, коёндордун, төөлөрдүн, жырткыч айбанаттардын, уруулук эн тамгалардын, тулку бою орнаменттештирилген эчкилердин, бугулардын, ошондой эле сактардын акинактын кыска кылыч куралы сүрөттөрү кездешет. Алар гранит таштардын капталдарына тартылган. Петроглифтер тууралуу эң алгачкы кабарды 19-кылымдын аягында В. В. Бартольд жана С. М. Дудин маалымдаган. Археолог Д. Ф. Винник, Г. А. Помаскина (1975), Я. А. Шер (1980) жана Кемеров университетинин аска бетиндеги сүрөттөрдү изилдөө экспедициясы (1987–88) тарабынан изилденген. 1990-жылдан немис изилдөөчүлөрү менен бирдикте сүрөттөрдү сактап калуу максатында реставрациялоо иши башталган.