Мазмунга өтүү

Каракол

Каракол шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Каракол
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө [[ Кыргызстан]]
Облус Ысык-Көл областы
Координаттар 42°30′ с. ш. 78°23′ в. д.HGЯO
Мэр Уркалы уулу Рыскул Калыгулов
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1869
Мурунку аталышы Пржевальск
Аянты 48,05 км²
Борбор бийктиги 1690 м
Калкы
Калкы 81 522 адам (2021)
Улуттук курамы кыргыздар — 67,7 %
орустар — 18,6 %
уйгурлар — 3,8 %
өзбектер — 3,3%
татарлар — 1,8 %
дунгандар — 1,4%
казактар — 1,1 %
калмактар — 1,0%
башкалар — 0,6%
Диний курамы ислам, христиан, атеистер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996(3922)

КараколКыргызстандын Ысык Көл облусунун административдик борбору.

Ысык Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Алатоонун этегинде деңиз деңгээлинен 1690–1825 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 44 км². Калкы 79 330 адам (2019). Шаардын курамына Пристан–Пржебалск шаарчасы кирет.

Каракол шаары 1869-жылы Чүйдөн Кашкарды көздөй кеткен кербен жолунда манап Көлбарска шаар негиздегенге жер табуу жана аны түптөө буйругу боюнча негизделген. 1869-жылдын биринчи Кулжа айында шаардын биринчи көчөлөрү, аянты жана конок үйү курулган. Бул күн шаардын түптөлүү күнү катары белгиленип, жана анын жанынан өткөн суунун "Каракол" деген ысымын алып калган.

Шаар генералдык план боюнча түз кырдуу салынган жана көптөгөн жашыл бакчалардан турат, анткени ал учурдагы шаардын мыйзамына ылайык, ар бир курулган үйдүн алды-артында гүл бакча болуусу зарыл болчу. План боюнча, гүлзарлуу-шаар түптөө эле. Борбор Азиянын башка шаарларына салыштырмалуу курулган үйлөр да башкача типте салынып келген. 1887-жылга чейин негизинен топурак-бетон үйлөрү салынып келинсе, ал эми 1887-жылдан кийин шаарда жыгач үйлөрдүн саны өсүп, алар жыгачтан кесилип жасалган бай оймолордон турган.

1872-жылы Караколдо 132 үй короосу курулган. 1897-жылы шаардын калкынын саны 8108 адамга жеткен. Учурда шаарда, болжол менен 65443 адам жашайт.

Шаар бир нече жолу өз атын өзгөрткөн: 1889-жылга чейин Каракол деп аталса, андан кийин орустар канынын буйругу менен орус саякатчысы жана изилдөөчүсү Н.М.Пржевальскийдин ысымын ыйгарган. Н.М. Пржевальский Караколго жасаган өзүнүн бешинчи жолку саякатында көз жумган. Анын аманаты менен сөөгү Ысык-Көлдүн жээгине коюлган.

1922-жылы шаарга Каракол аты кайтарылган. Ал эми 1939-жылы Н.М.Пржевальскийдин жүз жылдыгына карата шаар кайрадан анын ысымын алып жүргөн. 1992-жылы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан соң шаар Каракол деп аталып келүүдө.

Төңкөрүшкө чейинки Кыргызстандын башка шаарларына салыштырмалуу Каракол шаарынын маданияты жогору турган.Бул шаардан көптөгөн саякатчылыр, окумуштуулар жана илимроздор чыгып, Борбор Азиянын изилдөөлөрүнө чоң салым кошушкан. Шаарда Кыргызстанда биринчилерден болуп Я.И.Корольковдун ысымын алып жүргөн метеостанция 1887-жылы ачылган. Ошондой эле Барсовым Н. М. атындагы алгачкы коомдук китепкана, 1907-жылы штабс-капитан В. А. Пяновскийдин буйругу менен жылкы заводу курулган.

Экономикалык жактан шаар Ысык-Көл чөлкөмүнүн борбору катары жакшы өнүгүп келген. 1894-жылы шаардын кирешесинин 34% соода сатыктар түшүп турган. Ошону менен бирге эле шаарда өнөр жай курулуштары да ишке кире башташкан. 1914-жылы шаарда жанан анын аймактарында 60 чакан өнөр жайлар иштеп келген.

Учурда Каракол шаарында ЭТЗ, чакан тигүү цехтери, эт жаатындагы жеке менчик чарбалардан башка өнөр жай жок. Билим берүү жайларынан шаарда К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университети, медициналык орто билим окуу жайы, педагогикалык окуу жайы, Түркиялык ишкерлер тарабынан 1992-жылы ачылган Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, Т.Сатылганов атындагы лицей ж.б. 11 жалпы билим берүүчү мектептер бар.

Шаар жайгашкан жердин рельефи негизинен түз, көл тарапка бир аз жантайыңкы. Шаардын түштүк тарабындагы күдүрлүү түздүктөрдү эгилме өсүмдүктөр жана шалбаа ээлейт. Шаардын түштүгүнөн чыга бериште Каракол капчыгайы башталат. Анын капталдарында шалбаа жана карагайлуу токой өсөт. Климаты континенттик, кышы жумшак, жайы жылуу.

Караколдун аба ырайы
Көрсөткүч Жал Чын Буг Кул Тек Баш Аяк Тог Жет Беш Үчт Бир Жыл
Абсолюттук максимум, °C −4,7 −2,9 4,8 14,0 {{{Буг_а_макс}}} 23,1 25,5 25,0 20,2 12,7 3,4 −2,3 11,5
Орточо температура, °C −10,4 −8,5 −0,5 7,8 {{{Буг_ор}}} 16,7 19,0 18,2 13,4 6,4 −1,9 −7,6 5,5
Абсолюттук минимум, °C −16,1 −14 −5,8 1,7 {{{Буг_а_мин}}} 10, 12, 11,4 6,7 0,1 −7,1 −12,9 −0,5
Жаан-чачын нормасы, мм 12 14 23 39 {{{Буг_ор_ж-ч}}} 54 57 55 39 31 20 14 413

Каракол — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан кийинки Кыргыз Республикасынын чоңдугу боюнча төртүнчү шаары. Караколдун калкы 2009-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча 67 100 адамды түзгөн.

2009-жылдык каттоодо шаарда жана ага бай ийген аймактарда 66 294 жаран, анын ичинде:

1897-жылы шаардын калкынын саны - 8100 адам, анын ичинде:

Каракол облустун маданий жана өнөр жайлуу борбору. Негизинен тамак-аш, жеңил өнөр жай жана энергетикалык машина куруу өнүккөн. Жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары: «Төштүк» (эт комбинаты), Акбулак аксионердик коомдору, сүт, «Сейил» нан забоддору, пибо жана спирт өндүрүү ишканалары иштейт. Бул ишканалар 2001 ж. 0,5 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 1,2 т сүт, 0,3 миллион даана жумуртка дайардаган.

Шаарда жеңил өнөр жайда 2 кичи ишкана иштейт («Бугу эне» тигүү пабрикасы жана бут кийим булгаары пабрикасы), машина куруу тармагында 3 ишкана болгон кийин алар дээрлик иштебей калган. Азыркы кезде (2002) алардын базасында биргелешкен ишканалар, «Улан» жана «Ысык Көл электро» аксионердик коомдору түзүлгөн. Негизинен электротекникалык буйумдарды (электроплитка ж.б.) чыгарат.

Курулуш өнөр жайда 2 ишкана «Темир-Бетон» жана «КараколТаш» аксионердик коомдору иштейт. Караколдогу көптөгөн ишканалар, комбинаттар ж. б. мамлекеттен ажыратылып, аксионердик коомдорго, коллектибдүү менчикке ж. б. айландырылган.

Шаар Ысыккөл облусунун баардык калктуу пункттары, ошондой эле республиканын борбору ж. б. аймактары менен унаа жолу аркылуу байланышат. Балыкчы темир жол бекетинен 219 км (унаа жолу бойунча) чыгышта (көл аркылуу 184 км), Бишкек шаарынан 386 км. Каракол унаа жолу өтөт. Башка негизги жол Түп ооданынын аймагы аркылуу түштүк-чыгыш Казакстанды бириктирип турган Каракол — БишкекАлма Ата унаа жолу өтөт, бирок бул жол реконструксиалоого муктаж.

Каракол шаарынын түндүк-чыгышында деңиз деңгээлинен 1700 м бийиктикте облустун абабекети жайгашкан. Каракол абабекетинен 1990 ж. чейин жумасына 30–40 рейс катталган, азыркы учурда Бишкек, Чолпон Ата, Алма Ата, Жалалабат, Ош, Талас ж. б. шаарлары менен гана катташат.

Мурда суу транспортунун мааниси зор болгон Пржебалск пристаны аркылуу Балыкчы темир жолуна маанилүү жүктөр ташылып турган. Азыркы учурда пристан аркылуу жергиликтүү ЖЭБге көмүр гана ташылат.

Маданий турмушу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаарда 2 кесиптик-текникум окуу жайы, 4 текникум жана 2 жогорку окуу жайы бар. 2001/02 окуу жылында 1215 окуучу окуган. 14 жалпы орто билим берүүчү мектеп, а. и. лисей жана гимназиа, 16 мектепке чейинки балдар мекемеси бар.

Драма театр, жер таануу музейи, 5 клубдук мекеме, 20 китепкана, 2 кинотеатр, 12 киноустанобка, балдардын музыкалык мектеби бар.

Шаарда бир облустук оорукана, диспансер, а. и. кургак учук, 2 стоматологиалык поликлиника, санитардык-эпидемиологиалык стансия жана 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Ажайып жайлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Орус ортодокс чиркөөсү.
Пржевальск музейи.
Дунган мечити.

Каракол мыкты сейилдөө, селсаяктоо, лыжа тебүү жана жогорку борбордук Теңир тоодогу альпинизм үчүн жакшы негиз катары кызмат кылган, Кыргыз Республикасынын негизги туристтик багыттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле, бул шаар маданий жактан бай жер, мисалы, ар кандай этностук топтор ушул жерде жашашат: дангандар, уйгурлар, калмактар, өзбектер, орустар жана албетте кыргыздар. Шаар башка улуттардын жана маданияттарды аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Орус ортодокс чиркөөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1872-жылы чиркөө таштан курулган, Каракол Падышалык Орусжер империясынын бурчтарында чек ара тозотунун катары түзүлгөн гарнизондук шаар болгон. Ал 1890-жылы жер титирөөдөн талкаланган жана ушул чиркөө кыш негизинде жыгачынан курулган. Бул алты жыл алып, акыры, 1895-жылы аяктаган. Курулуш учурунда, боз үй чиркөө катары кызмат кылган.

Көп жылдан бери, өзгөчө 1917-жылдын окуяларынан кийин, ал мектепке, аялдар гимназиясына жана жогорку окуу жайларынын жайгашкан окуу борборунда катары колдонулган. Андан кийин, 1991-жылы, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын кийин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы дагы бир жолу бардык мындан ары калыбына алардын милдети болгон шарттарды эске алуу менен, кайра чиркөөгө имаратты берген.

Дунган мечити

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каракол шаарындагы Ысык-Көл борбордук мечити Ибрахим ажы демилгеси менен курулган. Ал мечиттин курулушу үчүн салттуу кытай архитектура жана курамы ыкмаларын менен Бээжиндик атактуу Чоу Сеу деген архитекторду жана 20 жыгач айкелчилерди чакырды. Курулуштарга жана башка иштерге жергиликтүү устаттар катышкан. Борбордук мечиттин курулушу 1904-жылы башталып, 1910-жылы аяктаган. Өзгөчө ыкмалары куруучуларга мыксыз мечит курууга уруксат берген.

  • Пржевальск музейи
  • Каракол тарых музейи
  • Бугу-Эне зоологиялык паркы
  • Мал базары
  • Жети-Өгүз
  • "Жомок" каньону
  • Туздуу көл

Белгилүү тургундар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Боордош шаарлар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]