Манап
Манап – Совет бийлигине чейинки кыргыз коомунда эл бийлеген, үстөмдүк кылуучу таптын өкүлү; өз уруу мүчөлөрүн соттоого укуктуу жана аларга уруу чабыштарында жетекчилик кылуучу уруу башчысы (феодал). Укугу жагынан бий менен манаптын бири биринен эч айырмасы деле жок. 18-кылымда баатыр, тектүү бий гана Манап аталган. 19-кылымдын башынан манаптын наамы жана бийлиги мураска калтырыла баштаган. Коомдогу кадыр-баркы, ата-тегине жараша Манаптар чоң Манаптар, орто Манаптар, чала Манаптар болуп бөлүнгөн.
Түндүк кыргыздардын уруу бирикмелеринин чоң манабы болуп, калган орто жана чала Манаптар ага баш ийген. Карапайым уруу мүчөлөрү Манаптарга күңкор букара болгон. Түштүк кыргыздар Манаптардын түшүнүгүн билген эмес. Кокон хандыгы мезгилинде Манаптар хандын буйругун аткарып, өз элинен салык жыйнашкан. Кыргызстан Россияга бириктирилгенден кийин Манаптар падышалык колониячыл режимдин таянычына айланган. Улуу Октябрь социалдык революциясы (1917) жана Жарандык согуш (1918–1920) мезгилинде алар контрреволюциячыл козголоңдорду уюштурууга катышышкан.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.