Манаптар

Wikipedia дан

Манаптар – кыргыз коомунда жолуккан социалдык катмар. Мындай катмардын качан пайда болуп, кандай себеп менен аталып калышы тууралуу бирдей көз караш жок. Кээ бир окумуштуулардын (мисалы, С. М. Абрамзон) пикири боюнча ал 17-кылымда жашаган сарыбагыш уруусунан чыккан Манап бийге байланышкан. Негизинен 19-кылымдын орто ченинен Совет бийлиги орногонго чейин сакталып, тап күрөшү жөнүндө окууга ылайык, үстөмдүк кылуучу таптын өкүлү (феодал) катары таанылган. Иш жүзүндө манаптар коомдогу өз ара мамилени (талаш-тартыш, чыр-чатак, калыссыздык) жөнгө салуу үчүн тартылган, башкача айтканда атайын шайланган эмес, калыс, туура сүйлөп, таза жүргөн тектүү адамдарга ар кандай маселени чечип берүүнү сурап, эл өзү кайрылган. Мисалы, белгилүү М. Шабдан Жантаевдин (1839–1912) эч кандай бийлик наамы болгон эмес, ага карабай бардык маселе боюнча элдин өзү ага кайрылып турган. Кыргыздын турмуш-тиричилиги, каада-салтын изилдөөгө алган Н.И. Гродеков (19-к.) манаптартардын Чыңгыз ханга эч тиешеси жок экенин, эл башына кыйынчылык келгенде каармандыгы, берешендиги аркылуу журттан озуп, душман келсе элин баштап, алдыга чыкканын, алар шайланбаганын, шайлоо болсо ошолор гана өтөөрүн белгилеген. Кыргызстандын түштүк райондорунда бий деген термин сакталса, манаптар деген түшүнүк негизинен Түндүк Кыргызстанда колдонулган. Манаптар термин катары 19-кылымдын баш ченинде чанда кезигип, 19-кылымдын орто ченинде түн жак кыргыздарга кеңири тарап, бара-бара мурунку «баатыр», «бий» деген түшүнүктү сүрүп чыгарган. Бирок бийлер менен манаптартардын ортосунда принциптүү айырмачылык болгон эмес (к. Манапчылык). Адат катары манаптартын бийлиги атадан-балага мурас болуп калган, бирок калыстыктан тайып, түз сүйлөбөгөндөр кадыресе адам катары саналган. Натыйжада эл ичинде акырындап чоң манаптар (сыйлуу), орто манаптар жана чала манаптар деген түшүнүктөр калыптана баштаган. Эң ирилеринин кадыры көп уруулар жана аймактарга тараган, башкача айтканда майда уруулар күчтүү манаптартарга ыктаган. 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында сарыбагыштар менен кошо солто, саяк урууларында күчтөнүп, көп сандуу болгон. Бул учурда көпчүлүк манаптартар Кокон хандыгы, Россия жана Цин империясынын агрессивдүү тыяшкы саясатына байланыштуу элин кыргынга учуратпоо үчүн кээ бир күчтүү мамлекеттерге көз каранды болууга аргасыз болушса, Кыргызстандын Россияга каратылышынан кийин түшүнбөстүктөн колониалдык режимдин таянычына айланышкан. Фольклор изилдөөчү Ы. Абдырахманов манаптартын ким экенин эл жакшы түшүнүп, бирок бардыгы эле алар жасагандай иш кыла алышпаганын, кийинчерээк (Россияга каратылгандан кийин) эмгек кылбай, өзүлөрүн чоң көргөзүп, букара элди зордуктап жашап калганын эскертет. Улуу Октябрь революциясынан (1917) кийин кадырлуу манаптартардын эл арасындагы таасиринен корккон бийлик алардан арылууга аракет кылып, эл душманы катары көргөзүшкөн жана ар кандай шылтоолор менен жер которууга аргасыз кылышкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Абрамзон С .М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. Б., 1999.