Жарандык согуш

Википедия дан
Жарандык согуш (АКШдагы граждандык согушу).

Жарандык согуш же атуулдук согуш – социалдык конфликтти чечүүнүн акыркы чегине жеткен курч калыбы, бир мамлекеттин чегиндеги улуттук жааттардын, социалдык топтордун, таптардын ортосундагы бийлик үчүн уюштурулган күрөш. Жарандык согуш улуттук кризисти жеңүүнүн ачык формалары жана каражаттарынын бардыгы сарпталып бүткөн учурда келип чыгат. Тарыхта көптөгөн жарандык согуш белгилүү, анын ичинде династиялык.

Мисалы: Англиядагы Кызыл жана Ак розалар согушу (XV к.). Анда Плантагенеттердин эки бутагы бирин-бири кырат, Тюдорлордун династиясына жол ачышкан. Диний жана улуттук негиздеги жарандык согуш азыркы мезгилде да кеңири жайылган: Чечнядагы, Тажикстандагы согуштар, мурдагы Югославиянын аймагындагы согуш.

Жарандык согуштун эң эле мүнөздүү түрү болуп терең таптык конфликттерге негизделген согуш саналат: кулдардын көтөрүлүшү, көп сандаган дыйкан согуштары (Кытайда көп жолу ийгилик менен аяктаган), партизандык (Сальвадор), антиколониалдык согуштар. Жарандык согуш – эң зор улуттук кырсык. Өзүнүн мүнөзүнө карабай жарандык согуш калктын арасында чоң курмандыктар, өндүрүш күчтөрүнөн бузулушу, маданият очокторунун кыйратылышы менен коштолот. Жарандык согуштун бардык түрлөрү тең мүнөз актанууга ээ эмес. Көбүнчө эл эпчил жана атак-даңкка умтулган авантюристтердин саясий амбицияларынын кучагында калат. АКШдагы Түндүк менен Түштүктөн ортосундагы согуш, Түндүктөн жеңиши менен аяктап, экономиканын, индустриянын, экономикалык эффективдүү фермер чарбаларынын тез өсүшү үчүн шарт түзгөн. Советтик Орусиядагы (1918–1922) жарандык согуш абдан кандуу жана кыйраткыч болгон. Афганстан, Ангола, Эфиопия, Сальвадор, Никарагуадагы жарандык согуш өлкөлөрдөн экономикасына залал келтирип, көптөгөн курмандыктарга, калктын жакырланышына алып келген. Азыркы шарттарда жарандык согуш өтө кайгылуу мүнөздө болуп, ири региондук жана эл аралык конфликттерди инсценировкалоого жөндөмдүү. Социалдык конфликтерди жана жарандык согушка жол бербөө жана чечүүнүн эффективдүү механизмин, каражаттарын жана ыкмаларын издөө азыркы күндө эң актуалдуу болуп саналат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы). -Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8