Сүт

Wikipedia дан
Уйдун сүтү

Сүт — бул сиңимдүү суусундук. Сүт эмүүчүлөр тобуна кирген жандыктардын ургачысынын эмчек безинен бөлүнүп чыгат. Табиятта жан-жаныбарлардын (ошондой эле адамдын) баласын эң бринчи азыгы. Азыркы убакта көп тамак-аштын курамында пайдаланылат. Ал эми сүт өндүрү чоң өнөр-жайга айланган. Сүттүн курамында көптөгөн пайдалуу витаминдер, микро жана макро элементтер бар. Баалуу тамак-аш продуктусу; айрыкча балдар жана улгайган адамдар, ошондой эле оорулуулар үчүн маанилүү азык зат. Ал башка азыктардан курамында организмге керектүү азык жана биологиялык активдүү заттардын болушу менен айырмаланат.

Сүттүн курамы жана пайдаланышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Курамы татаал келип, анда организмге керектүү 100дөн ашык азык зат: май кислоталары, аминокислоталар, витаминдер, кант, түрдүү минерал туздар, гормондор жана башкалар бар. Уй сүтүндө 87,3% суу, 3,8% май, 3,3% белок, 4,7% көмүрсуулар, 0,7% минерал заттар болот. Эчки, кой, топоз, төө, жылкынын сүтү да пайдаланылат. Өлкөбүздө кубаттуу сүт өнөр жайы жана сүт фермалары кеңири түзүлгөн. Түрдүү майлуулуктагы, кургатылган, коюлтулган сүт, сүт кычкыл азыктардын кеңири түрү жана башкалар сүт азыктары даярдалат. Сүттөн алынган май сиңимдүүлүгү, даамдуулугу жана өзгөчө курамы менен айырмаланат. Сүт белокторунда (казеин, альбумин, глобулин) алмаштырылгыс аминокислоталардын бардыгы болот. Сүт канты (лактоза) аш болумдуулугу боюнча кадимки эле канттай, бирок анча таттуу эмес. Сүттө башка көптөгөн витаминдер менен катар май эритүүчү А, Е, ошондой эле В тобундагы витаминдер көп. Сүттүн минералдык курамы да ар түрдүү. Ал башка азыктарга караганда кальций, фосфор, калий, магний туздарына жана микроэлементтерге бай. Сүт түрдүү ооруларда, айрыкча жүрөк-кан тамыр системасынын, боор, уйку бези, өт жолдорунун ооруларында, циститте жана башкалар мүнөздөп тамактануучу ооруларда пайдалуу. Кээ бир адамга сүт жакпайт. Сүт кычкыл азыктарына каймак, быштак, айран, кефир, ацидофилин, ацидофиль сүтү, кымыз, сүзмө жана башкалар кирет. Сүт кычкыл азыктарында сүттүн баалуу азыктык жана биологиялык касиети сакталуу менен дарылоо-алдын алуу, мүнөздөп тамактанууга ылайык келүүчү жаңы сапаттар пайда болот. Алар ичегидеги микрофлораны жөөнгө келтирип, ириңдетүүчү микроорганизмдерди жок кылат. Сүт кычкыл азыктары сиңимдүү келет, мисалы, сүткө караганда ириген сүт 2—3 эсе тез жана толук сиңет. Ошондуктан аларды жаш балдардын, улгайган жана өтө кары адамдардын тамак-ашына көп колдонуу сунуш кылынат. Өнөр жайда, үй шартында сүт кычкыл ачыткылары кошулуп даярдалат. Сүт кычкыл азыктарынын көпчүлүгүн үй шартында жаңы сүттү кайнатып ачытуу же уютуу жолу менен даярдоого болот. Бул азыктар тез бузулат, ошондуктан аларды даярдоодо санитария-гигиеналык талаптарды так сактап, муздаткычта кармоо керек. Ветеринария кызматы малдын ылаңына көз салып, ылаңдууларын дароо өзүнчө бөлүп, дарылоо иш чараларын көрөт; ылаң малга антибиотик жана башкалар дарыларды берүүнү, малды жугуштуу ылаңдан сактоо үчүн дезинфекциялоочу каражаттарды туура колдонуу, жайыттарды пайдалануу, малды ылаңдан сактоо боюнча көрсөтмөлөрдү жана буйруктарды аткарууну көзөмөлдөйт жана башкалар Бул эрежелерди колхоз менен совхоздор гана эмес, уй жана башкалар сүт берүүчү мал баккан ар бир адам так сактоого милдеттүү. Анткени сүттө оору таратуучу микробдор тез көбөйүп, ал аркылуу түрдүү оорулар (кургак учук, бруцеллёз, шарп, күйдүргү, туляремия, ич келте, дизентерия) жугушу мүмкүн. Сатык сүт зыянсыздандырылат (к. Пастерлөө). Мындай сүттү кайнатпай ичсе да болот. Менчик ую бар адамдан сатып алынган сүттү кайнатуу керек. Сүттү сактоо мөөнөтүн узартуу максатында сүт өнөр жайында консерваланган, кургатылган жана коюлтулган (стерилденген жана кант кошулган) сүт даярдалат. Мындай сүттөр балдар жана чоңдор үчүн жаңы сүттөй эле пайдалуу; аларды кургак, муздак жерде сактоо керек. Коюлтулган сүт көпкө кайнатылып даярдалат, андан кийин ал калай идишке куюлуп стерилденет. Мындай оозу бекитилген сүт бөлмө температурасында бир жылдан ашык сакталат. Оозу ачылгандан кийин 10°тан жогору эмес, 0°тан төмөн эмес температурада сактап, 2—4 сутка пайдаланууга болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8