Адам

Википедия дан

Адам(Адам Ата) – Инжил жана Куран боюнча Кудай жараткан эң алгачкы киши, адамзаттын атасы. Инжилдин «Жаңы осуятында» Адам атаны Кудай топурактан жууруп жасаганы, жан киргизгени айтылат. Куранда болсо Адам ата чоподон, башка бир сүрөөсүндө топурактан жасалган делет. Адам атадан кийин Аллах Обо энени (Инжилде Ева, Куранда Обо) жараткан. Шайтандын (башка бир аты – Ибилис) тилине кирип, Адам ата менен Обо эне бейиштеги дарактын үзүүгө тыюу салынган мөмөсүн жеп «күнөөгө батышкандыгы» үчүн Кудай аларды жазалап «бу дүйнөгө» түшүргөн. Ар кыл расаларга, тилдерге, этностук топторго кирген элдердин бардыгынын тең ата-теги Адам атага барып такалат. Мусулман уламыштарында Адам ата (алейхис салам) – Алла-Тааланын пайгамбарларынын алгачкысы, Мухаммед(САВ) пайгамбар – акыркысы деп айтылат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]