Антибиотик

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Medication amoxycillin capsule.JPG

Антибиотиктер (греч. ἀντί — каршы + βίος — жашоо) — өсүмдүк, жаныбар жана микроорганизмдер пайда кылуучу жана микробдорду өлтүрүүчү же анын өсүшүнө, көбөйүшүнө тоскоолдук кылуучу заттар.

Антибиотиктер[оңдоо | булагын оңдоо]

Антибиотиктер кишини, айбандарды жана өсүмдүктөрдү жабыркатуучу микробдордун, бактериялардын, козу карындардын, кээ бир вирустардын айрым түрүн өлтүрсө, айрымдарынын өсүшүн токтотот. 20-кылымдын 40-жылдарында медициналык практикага кеңири киргизилген.

Антибиотиктердин ачылышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Антибиотиктердин ачылышы менен микробдор пайда кылган оорулардын дээрлик баарын дарылоого мүмкүн болуп калды. Бирок Антибиотиктерди универсалдуу дары катары колдонуу жарабайт, анткени алардын ар бири белгилүү микробдорго гана таасир этет. Мисалы, пенициллин ириңдетүүчү микробдор пайда кылган ооруларга (өпкөнүн сезгениши, сепсис, теринин ириңдүү жабыркоосунда, ангина жана башка) таасир этет, ал эми туберкулёз жана дизентерия таякчаларына таасир этпейт; левомицетин, тетрациклин — ичеги инфекциясында; нистатин, леворин айрым козу карын (грибок) ооруларында жана башка жакшы натыйжа берет.

Вирус оорулары[оңдоо | булагын оңдоо]

Вирус оорулары (грипп, вирустуу гепатит жана башка) Антибиотиктерден айыкпайт. Антибиотиктер натыйжалуу дары болуу менен оорулуу организмге тескери таасир бериши да мүмкүн. Мисалы, стрептомицин, канамицин менен неомицин угууну начарлатат жана тең салмак органынын ишин бузат, левомицетиндин таасиринен кээ бир оорулууларда кан өзгөрөт, тетрациклин боордун функциясын бузат.

Антибиотиктердин бойго бүтүрбөөчү таблеткалар менен таасирлешүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Антибиотиктерди колдонуу ичме контрацептивдердин таасирин төмөндөтөбү же жокпу деген бир нече изилдөөлөр бар. Көпчүлүк изилдөөлөр антибиотиктер бойго бүтүрбөөчү таблеткаларга таасир этпей тургандыгын көрсөтөт, мисалы, антибиотиктердин айынан бойго бүтүрбөөчү таблеткалар таасирин жоготкон учурлар өтө сейрек кездешет (болжол менен 1%).

Ичме контрацептивдердин таасир этпей калышы мүмкүн болгон жагдайларга эрежени сактабоо (таблеткаларды ичпөө), кусуу же ич өткөк, ичеги-карын оорулары же ичме контрацептивдерди сиңирүүдөгү патент аралык өзгөрмөлүүлүк кирет. Этек кир мөөнөтү бузулган аялдарда тобокелдик жогору болушу мүмкүн. Аларга антибиотик менен дарыланып жаткан учурунда жана ал аяктагандан кийин бир жума бою камдык контрацепцияны колдонуу сунушталат.

Эгер ичме контрацептивдердин таасирин азайтуучу бейтаптарга мүнөздүү тобокелдик факторлору байкалса, анда резервдик контрацепцияны колдонуу сунушталат.[1]  

Антибиотиктер бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын, мисалы, кеңири таасир этүүчү рифампициндин майнаптуулугуна таасир этиши мүмкүн. Бул таблетканын активдүү ингредиенттеринин ажырашын күчөтүүчү боор ферменттеринин активдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу болушу ыктымал.[2]  Ошондой эле жоон ичегидеги эстрогендердин сиңишилишинин төмөндөшүнө алып келүүчү ичеги-карын флорасына таасири этиши ыктымал деп айтылган, бирок мындай божомолдор ынанымсыз жана карама-каршылыктуу.[3][4]    Клиникалык адистер ичме контрацептивдер менен өз ара аракеттенишет деп эсептелген антибиотиктер менен дабаланып жаткан учурда бойго бүтүрбөөчү кошумча чараларды колдонууну сунушташты. Антибиотиктер менен бойго бүтүрбөөчү таблеткалардын (ичме контрацептивдердин) мүмкүн болгон өз ара аракетин кошумча изилдеп, резервдик контрацепциянын колдонуудан баш тартканга чейин ичме контрацептивдик таблеткалардын бейтап үчүн ыктымал тобокел факторлоруна кылдаттык менен баа берүү да керек.[5]  

Алкоголь менен таасирлешүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Алкоголь жана башка кээ бир антибиотиктер менен таасирлешүүсү мүмкүн жана бул кыйыр түрдө антибактериялык терапиянын майнаптуулугун азайтышы ыктымал.[6][7]   Ичкиликти эби менен ичсе, көп кездешүүчү антибиотиктерге тоскоол болбошу да мүмкүн, бирок спирт ичимдиктерин аралаштырганда олуттуу терс таасирлерди пайда кыла турган антибиотиктердин бөтөнчөлүү түрлөрү да бар.[8]  Ошентип, терс таасирлердин ыктымал тобокелдиктери жана майнаптуулугу кабыл алынган антибиотиктин түрүнө жараша болот.[9]  

Метронидазол, тинидазол, цефамандол, латамоксеф, цефоперазон, цефменоксим жана фуразолидон сыяктуу антибиотиктер анын ацетальдегиддегидрогенага ажыроосуна бөгөт болуучу спирт менен дисульфирамга окшош химиялык реакцияны пайда кылат да, кусууга, жүрөктүн айланышына жана дем кыстыгууга алып келиши мүмкүн.[10]  Мындан тышкары, спирт ичимдиктерин ичкенде доксициклин менен эритромицин сукцинаттын майнаптуулугу төмөндөшү мүмкүн. Алкоголдун антибиотиктердин активдүүлүгүнө тийгизген таасирине антибиотик кошулмасын ажыратуучу боордун ферменттеринин активдүүлүгүн өзгөрүшү кирет.[11]

Туруштуулук (кабылдабоочулук)[оңдоо | булагын оңдоо]

Бактериялардын антибиотиктерге туруштуулугунун пайда болушу – адаттагы көрүнүш. Туруштуулуктун пайда болушу көбүнесе антибактериялык терапия учурунда жүрүүчү эволюциялык процесстерди чагылдырат. Антибиотиктер менен дарылоо физиологиялык же генетикалык жактан жогорку дозадагы антибиотиктерге туруштук берүү жөндөмүнө ээ бактериялардын штаммдары үчүн тандалышы мүмкүн.

Белгилүү бир шарттарда бул туруштуу бактериялардын өсүшүнө алып келиши мүмкүн, ал эми сезгич бактериялардын көбөйүшүнө дары-дармек тоскоол болот.[12]  Мисалы, мурда бактерияга каршы туруштуулук гендерине ээ болгон антибактериялык штаммдарды тандалышы 1943-жылы Лурия-Дельбрюк тажрыйбасында көрсөтүлгөн.

Антибиотиктер[оңдоо | булагын оңдоо]

Бактериялардын көптөгөн түрлөрү менен штаммдарынын туруштуулугу жогорулагандыктан, мурда бактериялардын көптөгөн түрлөрүнө жана штаммдарына таасири күчтүү болгон пенициллин жана эритромицин сыяктуу антибиотиктер анча майнаптуу болбой калды.[13][14]  

Туруштуулук сульфаметазинге чочколордун заңы аркылуу киргизилген топурактын бактерияларын деградациялоочу сульфаметазин сыяктуу фармацевтика каражаттардын биодеградациясы түрүндө болушу мүмкүн.[15] Archived 2013-12-12 at the Wayback Machine  

Бактериялардын аман калышы көбүнчө тукум куума туруштуулуктун натыйжасы болуп саналат, бирок антибактериялык дары-дармектерге туруштуулуктун жогорулашы горизонталдык гендин өтүшү аркылуу да болот. Антибиотиктер көп колдонулган жерлерде горизонталдуу ташуу ыктымалдыгы жогору.[16]  

Бактерияга каршы туруштуулук биологиялык чыгымдарды алып келиши мүмкүн, ошону менен туруштуу штаммдардын ыңгайлашуу деңгээлин төмөндөтүп, бул мисалы, антибактериялык кошулмалар жогунда бактерияга каршы туруштуу бактериялардын жайылышын чектеши мүмкүн. Бирок кошумча мутациялар мындай ыңгайлашуу кенемтесин толтуруп, аталган бактериялардын аман калышына жардам бере алат.[17]  

Антибиотиктерди колдонуу[оңдоо | булагын оңдоо]

Айрым кишилерде Антибиотиктерди колдонуу, өзгөчө пенициллин дары аллергиясын пайда кылат. Узак убакыт жана иретсиз өзүнчө дарылануудан дары аллергиясы өнөкөт түргө өтөт. Кээде пенициллинди же башка Антибиотиктерди аз өлчөмдө кайталап колдонуу өмүргө коркунучтуу шок (к. Анафилаксия) туудурушу мүмкүн. Ошондой эле антибиотиктерди кээ бир учурларда колдонуу жарабайт. Мисалы, левомицетинди — кош бойлуу мезгилде, экзема, теринин грибок жана башка ооруларында, мономицинди бөйрөктүн жана боордун кээ бир ооруларында колдонууга болбойт. Антибиотиктерди врачтын көзөмөлүсүз, баш аламан кабыл алуу да түрдүү коркунучтуу натыйжа берет. Дарыны өтө аз дозада ичүү же эрте токтотуп коюудан организмдеги оору козгогучтар эс алып, башкача айтканда бул дарыга көнүгүп, ага туруктуулук пайда болот. Мунун натыйжасында оору өнөкөткө өтөт. Тескерисинче, Антибиотиктерди узак убакыт пайдалануу кандидамикоз оорусун пайда кылат. Ошондуктан Антибиотиктерди врачтын көрсөтмөсү боюнча гана пайдалануу керек.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8