Эчки
Эчки (лат. Capra hircus, L. 1758) — сүт эмүүчүлөр түркүмүнүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу, кепшөөчү үй жаныбары. жалпы эле бакма эчкилердин эркеги.
Орто Азияда б. з. ч. миндеген жылдар мурда эле колдо асыралган. Түпкү теги - безоар жана бургу мүйүз Э., ошондой эле тукум курут болгон бир түрү белгилүү. Азыр дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө багылат. Сүт, эт, тери, жүн жана тыбыты кеңири пайда ланылат. Орточо эсеп менен 9-10 жыл, айрымдары 17 жыл жашайт, чарбада 7-8 жашка чейин кармалат. Эчки тез жетилип, куутка 14-18 айлыгында (чебич кезинде) кошулат. Ар 100 эчкиден 120-200 улак алынат. Айрым тубар эчки 3-4 улак тууйт. Тоют жетиштүү болуп, жакшы багылган Э-лер жылына эки жолу төлдөйт. Текесинин тирүүлөй орточо салмагы 60-65 кг (чоңу 100 кг), эчкисиники 35-50 кг. Сүт породасындагы Эчкилерден жылына 450-550 кг (мыктыларына 1000 кг) сүт саалат. Сүтүнүн майлуулугу 3,84,5%. Жүн породасындагы Э-нин текесинен 46 кг, эчкисинен 2-3 кг жүн кыркылат. Жүнүнүн уз. 16-28 сж. Тыбыт багытындагы эчкиден 0,20,5 кг, айрымдарынан 1,0 кгга чейин тыбыт таралат. Бордолгон эчкиден 20-28 кг зт, 4-6 кг май чыгат. Эчкилер колдон тоюттандырууну анча талап кылбайт. Ар кандай жер шартына тез эле байырлашат, ылаңга да туруктуу келет.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
![]() |
Бул биология бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |