Тери

Википедия дан
Тери.

Тери денени сыртынан каптап, организмди тышкы таасирлерден сактайт.

Түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын калыңдыгы 0,2—4 мм. Тери татаал түзүлүштөгү бир нече катмардан турат. Анда көптөгөн нерв учтары, кан тамырлар, май жана тер бөлүп чыгаруучу бездер жайгашкан. Тери каптоочу (эпидермис) жана туташтырма ткандан (дерма, гиподерма) турат. Алар бири-биринен морфологиялык, физиологиялык жактан айырмаланат. Эпидермис — теринин эң сырткы катмары.

Тери: 1—эпидермис; 2—тери; 3—май бездери; 4— тери алдындагы май клетчаткасы; 5— тер бездери; 6— вена кан тамырлары; 7— артерия кан тамырлары; 8— түк (чач).

Ал эң терең түйүлдүк (базалдуу) катмары, андан кийин түкчөлүү, быдырлуу, жылмакай, мүйүз катмардан турат. Түйүлдүк катмары эң терең, дерманын тегерегинде жайгашкан цилиндр түрүндөгү клеткалардан турат. Бул катмар көбөйүүгө жөндөмдүү, ошондуктан «түйүлдүк» катмар деп аталат. Түкчөлүү катмар түйүлдүк катмардын үстүндө жайгашкан. Ал 5—15 катар клеткадан турат, алар бири-бирине көпүрөчөлөр менен биригет. Алардын ортосунда эпидермисти азыктандыруучу клетка аралык суюктук болот. Бүртүктүү катмар белок заты бар клеткалардан турат. Ал белок заттан теринин мүйүздүү заты пайда болот. Жылмакай катмар бүртүктүү катмар менен мүйүз катмардын ортосунда жайгашкан. Мүйүз катмары түрдүү таасирлерге туруктуу жана анын үстүңкү кабыгы дайыма түлөп турат. Кээ бир ооруларда теринин мүйүздөнүүсү бузулуп, түлөбөй калат. Дерма (кадимки тери) талчалуу тыгыз туташтырма ткань жана негизги заттан, ошондой эле ийилчээк жана коллаген талчаларынан туруп, алар бири-бири менен тор сымал биригет. Дермада кан тамырлар, тер жана май чыгаруучу бездер, нерв учтары, чач жана тырмактын түбү жайгашкан. Теринин үстүңкү бетинде үч бурч жана ромб түрүндө майда бырыш-сүрөттөр болот. Чоңойтуучу айнек менен караганда май бездеринин майда тешикчелери көрүнөт. Теринин майда бырышы ар кимде ар башка болуп, сот-медицинада керек.

Тер бездери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тер бездери дененин эрин жана башкалар бөлүктөрүнөн башка бардык жеринде жайгашкан. Алакан, таман жана маңдайда айрыкча көп. Тер бездери бөлүп чыгарган тер 98—99% суу, калганы зат алмашуу процессинде пайда болгон мочевина, сийдик кислотасы, натрий жана калий хлориддери жана башкалар химиялык заттан турат. Тердөө процесси дене температурасын бир калыпта кармап турууда мааниси чоң (Жылуулукту жөнгө салуу). Ар кандай себептердин натыйжасында тердөө бузулуп, тер өтө көп (Терчилдик) же аз бөлүнүп, же такыр тер чыкпай (тер бездери тубаса жок болсо) калышы мүмкүн.

Май бездери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Май бездери бет, көкүрөк жана далы терисинде өзгөчө көп. Ал холестерин, эфир май кислотасынан, белок продуктулары жана гормондон турган май бөлүп чыгарат. Бул май терини майлап жумшартып, чоюлгучтугун сактайт, сууну аз буулантып, кургатпайт. Май бези, ошондой эле чач түбүн нымдап чачтын нормалдуу өсүшүн камсыз кылат. Тер жана май бездеринин иши сырткы айлана-чөйрөнүн таасирине түздөн-түз көз каранды жана адамдын жашына, ден соолугуна, эндокрин системасына байланыштуу өзгөрүп турат. Тери майынын составында микробдордун өсүшүн басаңдатып туруучу заттар болот. Кээде май көп бөлүнүп, жегичтүү чөйрө пайда болуп, ириңдетүүчү микробдун көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Терини туура эмес, кир кармаганда безетки, теринин ириңдүү жаралары пайда болушу мүмкүн. Териде жайгашкан кан жана лимфа тамырлары аны азыктандырат. Анын ар кандай катмарындагы нерв учтары ооруну, суукту, жылуулукту жана химиялык дүүлүктүрүүнү, ошондой эле басымды сезет. Тери алдындагы май клетчатка борпоң туташтырма ткандан турат. Дененин ар кандай бөлүгүндө клетчатканын калындыгы бирдей эмес: мисалы, көз жапкагында такыр болбойт, жаак, курсакта, сооруда өтө калың болот. Май клеткасынын тканында көптөгөн кан тамырлар жана нервдер жайгашкан.

Теринин түсү меланин пигментине, кан тамырлардын кан менен толушуна, эпидермистин калыңдыгына жараша болот. Тери чөйрөнүн жагымсыз таасиринен (механикалык, химиялык, температуралык жана биологиялык) сактап турат. Мүйүз катмарынын тыгыздыгы, бетинин майлуулугу, дерманын туташтырма тканынын талчалары, май клетчаткалар организмди механикалык травмадан сактап турат.

Функциялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тери суу, туз, углевод, белок, май, витамин алмашууга жана кычкылтекти сиңирип, көмүр кычкыл газды бөлүп чыгарып, газ алмашууга катышат. Тери кишинин тиричилик процессинде бир катар өзгөрүүлөргө учурайт. Баланын териси жука, назик келет. Эпидермиси чоң кишиникинен 2—3 эсе жука, мүйүз катмары өтө начар өөрчүгөн. Ал эми май клетчаткасы чоң кишиникинен бир нече эсе калың. Балдардын терисинде кан тамырлар көп, кан тамыр капталынын өткөргүчтүгү жогору. Алардын жылуулукту жөнгө салуусу жана тер бөлүп чыгаруусу өөрчүп жетилбеген, бала бат ысып, тердейт. Ошондуктан баланы таза эмес бакканда ысык чыгуу, бышаруу, теринин ириңдүү жаралары пайда болушу мүмкүн. Бала 6—8 жашка келгенде терисинин түзүлүшү жана функциясы чоң кишиникине жакындайт.

Теринин карышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Организм картайганда кан менен камсыз болуусу начарлап, теринин өңү өчө баштайт, май жана тер бездеринин функциясы басаңдайт. Теринин оорулары жөнүндө, кара Тери оорулары, Терини күтүү макалаларын.

== Теринин сыйрылышы ==Бакытбек уулу Бактыбек

Теринин сыйрылышы — теринин сырткы катмары же былжыр чел кабыгынын механикалык жабыркашы. Теринин сыйрылган жеринде сары суюктук (лимфа) же майда кан тамчылары пайда болот. Ал жерге йоддун спирттеги 5%түү эритмесин сүртүп, стерилденген даки-кебез таңгак коюлат. 4—6 күн өткөндөн кийин таңгакты алып койсо болот. Таңгыч жабышып, катып калса суулап же алып салууга болбойт. Стерилденген даки болбосо, сыйрылган жердин тегерегин йод менен сыйпап, сыйрылган жерге стрептоцид же норсульфазолдун күкүмүн себүү сунуш кылынат. Сыйрылган жерди май менен майлоого же даки-кебез таңгак койбой туруп пластырь менен чаптоого болбойт. Себеби мындай учурда жараат карттанбай, ириңдеп кетиши мүмкүн. Ириңдеп кетсе ооруйт, күчөп ириңдесе температура көтөрүлөт, ага жакын лимфа түйүндөрү ооруйт жана башкалар Анда сөзсүз врачка кайрылуу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]