Жылуулукту жөнгө салуу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Жылуулукту жөнгө салуу — жылуу кандуу жаныбарлардын (киши, сүт эмүүчүлөр, куштар) дене температурасын туруктуу (бир калыпта) сактоо жөндөмдүүлүгү. Чөйрө температурасынын кыйла өзгөрүүсүнө карабастан кишинин дене температурасынын туруктуу болушу организмдин жылуулук пайда кылуу (химиялык Жылуулукту жөнгө салуу) жана жылуулук бөлүп чыгаруу (физикалык Жылуулукту жөнгө салуу) сыяктуу физикалык процесстер менен ишке ашат. Кишинин организминде тынымсыз пайда болгон жылуулук сырткы чөйрөгө бөлүнүп чыккан жылуулукка барабар болсо дене температурасы бир калыпта сакталат, эгер жылуулук аз бөлүнүп чыкса, дене температурасы жогорулайт, көп бөлүнсө төмөндөйт. Жылуулук булчуңдар, боор, бөйрөк иштегенде көп пайда болот. Тынч абалда турганда жылуулуктун 70%ин ички органдар, 30%ин булчуңдар пайда кылат. Кара жумуш жасаганда жылуулуктун пайда болушу бир нече эсеге көбөйөт. Пайда болгон жылуулук көбүнчө тери аркылуу дем алганда, заара кылганда, заңдаганда бир аз бөлүнүп чыгат. Организм жылуулукту нурлантуу, өткөрүү (чөйрөдөгү заттарга), буулантуу жолу менен бөлүп чыгарат. Адамдын дене температурасынын 36°тан төмөндөшү жана 40—41°тан жогорулашы организм үчүн коркунучтуу. Эгерде кандайдыр бир себептерден жылуулукту бөлүп чыгаруу токтолсо киши ысыкты көтөрө албай 4—5 саатта өлөт. Жылуулукту жөнгө салуу, башкача айтканда жылуулукту пайда кылуу жана аны бөлүп чыгаруу борбордук нерв системасы аркылуу ишке ашат. Жылуулукту жөнгө салуунун нервдик борбору гипоталамуста жайгашкан, ал жылуулукту бөлүп чыгаруу жана жылуулукту пайда кылуу борборлоруна бөлүнөт. Температура төмөндөгөндө суукту сезгич рецепторлор дүүлүгүп, жылуулукту пайда кылуучу борбор козголот, ал эми жылуулукту бөлүп чыгаруу борбору тормоздолот. Организмдеги зат алмашуу, клеткалардын тиричилик аракети күчөп, бөлүнүп чыккан жылуулуктун өлчөмү көбөйөт. Ушул эле учурда жылуулукту организмде сактап калуу максатында, аны сыртка бөлүп чыгаруучу механизмдер токтойт. Мындай аракеттин негизинде жылуулук энергиясынын керектүү өлчөмү организмде сакталат. Чөйрөнүн температурасы жогорулаганда организмдеги жылуулук начар (жетишерлик эмес) бөлүнүп чыгып, организмдин ысып кетиши ыктымал. Мындай учурда жылуулук бөлүп чыгаруучу борбор козголуп, жылуулук пайда кылуучу борбор тормоздолот, натыйжада организм ысып кетүүдөн сакталат. Жылуулукту жөнгө салуу процессинде эндокрин системасы да чоң мааниге ээ. Мисалы, калкан безинин гормону зат алмашууну тездетип, жылуулук пайда болууну күчөтөт, бөйрөк үстүндөгү бездин гормону кычкылдануу процессин күчөтөт, теридеги кан тамырларды ичкертет да жылуулукту берүүнү азайтат. Адамдар Жылуулукту жөнгө салуу механизмине жардам берүү максатында аба ырайына карата кийинүү, суукта от жагуу жана башка аракеттерди жасайт.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8