Тоо эчки

Википедия дан
Бакма теке (Capra hircus).

Тоо эчки (лат. Cарга, L. 1758) - ача туяктуу сүт эмүүчүлөрдүн көңдөй мүйүздүүлөр тукумунун уруусу.

Текеси ири, мүйүзү чоң, ээгинде сакалы бар. Эчкиси кичирээк, желини 2 үрптүү. Жүнү кылчыктуу, түбүндө тыбыты болот. 10 түрү Европа, Азия жана Африканын тоо лорунда таралган. Алар аскалуу бийик тоо лордо үйүрү менен жашайт. Аска, жарларга оцой чыгат, шамдагай. Жайында тоо нун чокусуна чыгып, кышкысын төмөнүрөөк түшөт. Өсүмдүк менен азыктанат. Тянь - Шанда сибирь тоо эчкиси жашайт. Өңү боз. түнүчүндө, эртең менен, түштөн кийин салкында оттойт. Алар 2-3 жашында үйүргө кошулат, полигамдар. 5 ай көтөрүп, май-июнь айында 1-2 улагын тууйт. Тоо эчки аңчылык үчүн баалуу жаныбар. кыргызстанда тоо эчки көп. Бакма эчки тоо эчкилерден келип чыккан.

Түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурамамүйүз теке (Capra falconeri).

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]