Ача туяктуулар

Википедия дан

Ача туяктуулар (лат. Artiodactyla) - сүт эмүүчүлөр түркүмү. Бутунда 2 же 4 манжасы бар, 3 менен 4-манжасы жакшы өрчүгөн, анткени дене оордугу негизинен ошол манжаларга түшөт. Каптал манжалары экөө начар өрчүгөн, биринчиси жок. Сыртынан туяк менен капталып, 3- 4манжасынын ортосунан ачаланып турат. Бүдүрлүү азуу тиштери менен катуу чөптөрдү майдалап чайнайт. Акыреги жок. Алардын 200 түрү белгилүү. Кепшөөчүлөр жана кепшебөөчүлөр болуп бөлүнөт. Кепшөөчүлөр: бугу-марал, элик, төө, жейрен, бөкөн, эчки-теке, багыш, аркаркулжа, антилопа, жираф, зубр; малдан – кой-эчки, уй, топоз; кепшебөөчүлөр: чочко, бегемот. Кеңири таралган (Австралия менен Жаңы Зеландияга чейин), КМШ өлкөлөрүндө 13 уруусу, 22 түрү кездешет. Чөп жечүлөр, чандасы ылгабай азыктанышат. Көпчүлүк ача туяктуу үй жаныбарлары; эт, сүт жана териси үчүн багылат. Айрым түрүнүн саны азаюуда. ЖКЭСтин Кызыл китебине 21 түрү жана 14 түрчөсү киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1